Жөнөкөй шериктештик келишими
Көрүнүш
Жөнөкөй шериктештик келишими (биргелешип иштөө келишими) – 2 же андан ашуун адамдар (шериктер) юридикалык жак түзбөстөн эле киреше алуу же башка мыйзамга каршы келбеген максаттарга жетүү үчүн өз каражаттарын бириктирүүгө жана биргелешип аракеттенүүгө милдеттенген келишим. Жеке ишкерлер жана/же коммерциялык уюмдар гана жеке ишкердик үчүн түзүлгөн Ж. ш. к. тараптары боло алышат. Шериктештердин жеке менчигиндеги ортого кошкон мүлктөрү, ошондой эле биргелешкен иштердин натыйжасында өндүрүлгөн азык-түлүктөр жана анын жемиштери жана кирешелери, эгер мыйзамда же Ж. ш. к. башка каралбаса, өзара милдеттердин маңызынан башка жагдайлар чыкпаса, алардын жалпы ишкер менчиги катары таанылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7