Жөргөм

Википедия дан

Жөргөм — кыргыздын улуттук тамактарынын бири. Жаңы союлган койдун ич этинен (ичеги, карын, өпкө, карын май) даярдалат. Таза жуулуп, бартталган (жыдытылган) карын жана өпкөнү ичке тилип, калемпир-мурч сээп, корушу сиңгиче тындырат. Тилинген карын менен өпкөгө ичегини (таза артып, жууп, муздак сууга салынган) бириктирип, карын май кошуп, түрдүү ыкмада (камчы өрүм, чалып өрүү, ороп өрүү) өрүп жасайт. Өрүлгөн жөргөм узун болот. Жөргөм жасалуу ыңгайына жараша майлуу жөргөм (карын май кошулат), эттүү жөргөм (төштүн салбырчагы менен карчыганын учунан жукалап кесип, туздуу, жылуу сууга салып жибитип, жумшарган этти өпкө менен карынга кабаттап өрөт), эрмен жөргөм (эрмен жеген эчкинин жөргөмүн дарылыкка жешкен) болуп, бир нече түргө бөлүнөт. Жөргөм эт менен кошо бышырылат. Жөргөм мурда кыз-келиндин гана ашы болсо, учурда аш-тойлордо чүйгүн тамак катары кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]