Ж. Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйү

Википедия дан

Ж. Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйү - Ж. Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйү, 1922-1924-жылдары, “Ликбез” сабатсыздыкты жоюу мектеби, Кыргызстандын түштүгүндө биринчи болуп уюштурулган.

  • Бул мектептен кыргыздын улуу жазуучулары, акындары Ж. Бөкөнбаев, Д. Өмүрзаков, У. Абдукаимов, Т. Байзаков, коомдук ишмерлер, А. Сүйөркулов, Ж. Юсупов жана башкалар билим алышкан.
  • 1933-жылдын май айында, Жалал-Абад областынын аткаруу комитетинин чечиминин негизинде, бул мектеп “Ф. Э. Дзержинский атындагы Октябрь балдар үйү” болуп өзгөртүлүп, ал убакта ата-энелери басмачылар тарабынан өлтүрүлгөн, 90 жетим бала тарбияланышкан.
  • Ал эми Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде, блокадалуу Ленинграддан, У краинад ан жана башка жерлерден келген балдар жайгаштырылган.
  • Октябрь балдар үйүнүн үч кабаттан турган жаңы имараты, 1974-жылы, 240 окуучуга ылайыкташтырылып курулган.
  • Имарат окуу жана жатакана корпусуна бөлүнөт.
  • Спорт зал, ашкана жана актовый залы бар.
  • Учурда балдар үйүндө 62 жетим бала тарбияланып, алар менен кошо 72 айылдан келген балдар билим алып жатышат.
  • Балдар үйүнүн окуу корпусу жана жатакана бөлмөлөрүн, талапка ылайык деңгээлде жылытуу максатында, Октябрь балдар үйү жана Кыргызстандагы Швейцариялык кызматташтык Бюросунун ортосунда 2011-жылдын 2-декабрында келишим түзүлүп, жылуулук системасын алмаштыруу үчү 3 млн, эшик терезелерди пластикалыкка алмаштыруу үчүн 7 млн, жана Турция мамлекетинин “Кызыл Жарым ай” коому тарабынан ичүүчү суу чыгарылып, ички канализациялары жана башка иштери бүткөрүлүп, 1 млн 560 миң сом жумшалган.
  • Балдарга эффективтүү билим берип тарбиялоо үчүн бүт шарттар түзүлгөн.
  • Жайкы каникулда балдар үйүнүн тарбиялануучулары, Кара-Алма токой чарбасында жайгашкан, балдар үйүнө караштуу “Жеткинчек”лагеринде эс алышат.
  • ЮЗОВ ОШтун жардамы менен “Жеткинчек” лагери толук ремонттолуп бүткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3