Закавказье Федерациясы
Закавказье Федерациясы - (12. 3. 1922-5. 12. 1936) Азербайжан, Армения жана Грузия советтик республикаларынын бирикмеси. 1922-ж. 13-декабрдан Закавказ Советтик Федерациялык Социалисттик Республикасы (ЗСФСР). 1922-ж. 30-декабрда ЗСФСР, РСФСР, Украин жана Белорус ССРлери менен СССРге бириккен. СССРдин 1936-ж. кабыл алынган Конституциясына ылайык ЗСФСР таркатылып, Азербайжан, Армения, Грузия СССРдин курамында өз алдынча союздук республикалар болуп кайра түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5