Закиров Асанкул

Википедия дан

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанкул Закиров Чүй областына караштуу Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Ташкенттеги педтехникумду бүтүргөндөн кийин 1939-1940-окуу жылынан баштап Москва районун¬дагы Беш-Көрүк жети жылдык мектебине 18 жаш курагында директорлук кызматка орношот. Ары жоопкерчиликтүү, ары олуттуу милдетти аткаруу жаш жигитке бир кыйла татаал эле. Алгачкы эмгек жолу жетекчилик кызмат менен башталып, кесиптик жактан бир топ эле такшалат. Ошол эле мезгилде педагогикалык институтту сырттан окуп, ийгиликтүү бүтүрөт. 1944-1952-жылдары Чичерин атындагы мектебинин директору, 1952-жылдан 1958-жылга чейин Петровка райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Иш билги, кесипкой жетекчинин келиши менен мектептердин окуутарбия, чарбалык иштери жакшы жолго коюлуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишип турду. Дал ушул учурда партиянын көрсөтмөсү боюнча 30 миңче колхоз башкармалары топ-толуп, чарбага башчылыкка дайындалуу менен ишке киришишти. Москва райондук 30 миңчилердин катарында Асанкул Закиров да 1958-жылы партиянын буйругу менен "Кыргызстандын 25 жылдыгы" колхозуна башкармалыкка дайындалат. Ал дасыккан айыл чарба адистеринен кем калышпай колхоз ишин жандандырды. Айылды алгачкылардан болуп электрлештирди. Дыйкандардын эмгек акысы оз учурунда колго тийип, элдин турмушу жакшыра берди. 1961-жылы КПССтин көрсөтмөсү менен айыл чарбасын ирилештирүү иши башталып, бир канча айыл бир ири чарбага бириктирилет. Мына ушул жагдайга байланыштуу Асанкул Закировду кайрадан Буденный, кийинчерээк Кызыл-Дыйкан мектебине директорлук орунга которушту. Ошол күндөн баштап, 1981-жылга чейин билим берүү тармагында иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыкты. Эс алууда болсо да, кадыресе пенделердей үйдөн чыкпай байбичесинин чайын ичип, жай баракат жөн жатып калбады. Өмүрүнүн акырына чейин элдик кызматта жүрдү. "Новый путь" колхозунда аксакалдар комитетинин торагасы катары айыл элинин ынтымагы, тартип, тазалыгы сыяктуу маселелер Асанкул аганын кийлигишүүсү менен бүтүргөн. Асанкул аганын жасаган эмгеги мамлекет тарабынан өз убагында адилет бааланган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги" наамынын ээси болуп, "Эмгек Кызыл Туу" ордени, бир нече медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Коолдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсандар таржымаы Бишкек-ж.