Запольский, Виктор Михайлович

Википедия дан
Запольский Виктор Михайлович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Запольский Виктор Михайлович
Туулган жылы: 1946-жылы 6-ноябрь
Туулган жери: Ашхабад шаары, Түркмөн Республикасы
Өлкө: Түркмөн Республикасы
Ишмердүүлүгү: Жазуучу

Запольский Виктор Михайлович Түркмөн Республикасынын Ашхабад шаарында 1946-жылы 6-ноябрда туулган. 1966-жылы В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, мектепте мугалим болуп иштеген. 1972-жылы журналисттик кесипке өтүп, «Комсомолец Киргизии» гезитинин башкы редактору, «Вечерний Фрунзе» гезитинин башкы редактору, 1991-жылдан «Дело №...» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келе жатат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин легендарлуу парламентинин депутаты болгон. 1975-жылы жана 1978-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган. Анын «День запоздалых визитов», «Подарок» повесттери жана «Портрет», «Качели» аңгемелери «Литературный Киргизстан» журналына жарыяланган. 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чив, Чебаков и другие: Повести и рассказы – Ф.: Мектеп, 1978. – 156 с.
  • Вика, Викторая – мапина дочка (именно маПина!): Повесть. – Ф.: Мектеп, 1984. – 170 с.
  • Новоселье в старом доме: Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 140 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]