Зардалек нефелиндүү сиенит кени

Википедия дан

Зардалек нефелиндүү сиенит кени - Баткен районунда, Зардалек сайынын баш жагында, Алай кырка тоосунун түндук капталында, деңиз деңг. 1800–3200 м бийиктикте. 1961–62-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермь-триас мезгилинин кесек жана майда бүртүктүү нефелиндүү сиениттер, жегичтүү сиениттер, габбролор жана монцониттер чыккан силур, девон, ташкөмүр мезгилдеринде пайда болгон сланец, акиташ жана доломит тектеринен түзүлгөн. Руда тулкулары содалитүү, нефелин-содалиттүү, нефелиндүү жана канкриниттүү сиениттерден турат. Нефелиндүү сиениттеги алюминий кычкылынын өлчөмү 20,32–24,60%, чакмакташ модулу 3,76; жегич модулу 0,91. Аллюминий кычкылынын божомолдуу запасы 202 млн т.[1]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз улуттук энциклопедиясы