Зарылбек Рысалиев

Википедия дан

Рысалиев Зарылбек Кылычбекович (19. 12. 1960-жылы туулган Талас облусу, азыркы Бакай-Ата району, Үрмарал кыштагы) – милициянын генерал-майору (2010). Кыргыз Мамлекеттик дене-тарбия институтун (1982), Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетин (1996) бүтүргөн. Кыргыз ССР Ички Иштер министрлигинин Түзөтүү-эмгек мекемелер башкармалыгында инженер (1985–95), Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө «Бүркүт» отрядынын командири (1995–96), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин кылмыш издөө башкармалыгында улук оперуполномочен (1996–2000), кылмыш издөө башкы башкармалыгында бөлүмдүн начальниги (2000–02), Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгында бөлүмдүн начальниги (2002–04), Жалал-Абад ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары (2004–05), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин кылмыш издөө башкармалыгында начальниктин орун басары (2005–08), начальник (2008), кылмыш издөө башкы башкармалыгынын начальниги (2008-09), 9-башкармалыктын начальниги (2009), Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги (2009–10), Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги (2010), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри (2010–12), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы (2012–13) болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]