Зарылдык жана кокустук

Википедия дан

Зарылдык жана кокустук - материалдык дүйнөнүн объективдүү байланыштарын көрсөтүүчү философиялык категориялар; зарылдык кубулуштардын ички негизи структурасы жана закон ченемдүүлүктөрү менен аныкталуучу байланыш тиби; кокустук ушул кубулуш үчүн тышкы болуп эсептелген себептер менен аныкталуучу түшүнүк. Зарылдык кубулуштун өнүгүшүнүн негизги, закон ченемдүү тенденциясын көрсөтөт; кокустук анын өнүгүшүнүн тышкы, туруктуу эмес формаларын мүнөздөйт. 3арылдык жана кокустуктун өз ара байланышы диалектикалык мүнөздө болот: бир учурда кокустук катары көрүнгөн кубулуш, башка бир жагдайда зарылдык катары чыгат; зарылдык кокус көрүнүштөрдүн массасы аркылуу көрүнөт, кокустук зарылдыктын ишке ашуусунун формасы катары чыгат; кокус байланыштар тарыхый шарттардын өзгөрүшү менен зарыл байланыштарга айланышы же мунун тескерисинче болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]