Затаевич ,Александр Викторович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Затаевич Александр Викторович

Затаевич Александр Викторович (1869-1936) - орус композитору, этнограф жана музыка изилдөөчү.

Өмүрү жана чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

А.В.Затаевич 1869-жылы падышалык Орусияда туулган.
1925-ж. Оренбург шаарыында басылып чыккан «Кыргыз элинин 1000 ыры» жыйнагына кыргыздын сегиз ырын киргизген. 1928-ж. Кыргызстанга атайын чакыртылып келген. Муратаалы, Токтогул, Карамолдо жана башкалардын обон-күүлөрүн нотага түшүрүп, аларды 1934-ж. Москвада чыккан «Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обону» деген жыйнакка киргизген.

Кыргызстанга дагы бир ирет келип, Атай, Калык, Молдобасан, Муса, Шаршен, Ыбырай жана башкалардан 170 ыр-күү жазып алган. А. Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан», «Күн бүгун» жана башка ырларын фортепьяно үчүн иштеп чыккан.
[1]

3атаевич казак, кыргыз, татар, дуңган, уйгур элдеринин музыкалык мурасын жоготпой сактап калууга, алардын профессионалдык музыкалык өнөрүн өнүктүрүүге чоң салым кошкон.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 250 киргизских инструментальных пьес и напевов. – 1934.
  • Песни разных народов. – 1971.
  • Киргизские инструментальные пьесы и напевы. – 1971.


Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.
  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. - ISBN 9967-14-016-X.
  • Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү]. (Ырлар нотасы менен берилген).

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. http://www.azattyk.org/content/article/1493128.html