Зачет

Википедия дан

Зачет - окуучу, студенттердин билим деңгээлин жыйынтыктоо жана аны текшерүүнүн, баалоонун бир формасы. 3ачет жеке жана топтук аңгемелешүү же жазуу түрүндө семинар, практикалык окуу, лабораториялык иш, ошондой эле тест формасында өткөрүлөт. Реферат, дилбаян, доклад формасында да болот. Сессия башталардан мурун модул тапшырылып, андан алган баллына жараша 3ачет коюлат. Студент эреже катары окуу планында көрсөтүлгөн зачеттун бардыгын бергенден кийин гана экзамендик сессияга жиберилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]