Зевс

Википедия дан
Жогорку кудай, асмандын, күн күркүрөөнүн жана чагылгандын өкүмдары

Зевс (байыркы грек тилинен. Ζεύς, микен. di-we) — байыркы грек мифологиясында асмандын, күн күркүрөөнүн жана чагылгандын кудайы. Олимп-кудайларынын ичинен негизги кудай болуп эсептелген. Титан Кроностун жана титанида Реянын үчүнчү уулу; Аид, Гестия, Деметра жана Посейдондун бир тууганы. Рим мифологиясында Юпитер менен окшоштурулат

Зевстин атрибуттары: калкан жана эки тараптуу балта (лабрис) болгон; жашаган жери Олимп болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Зевс жерге жакшылык менен жамандыкты таратат, адамдарга уят жана абийир салган. Зевс - коркунучтуу жазалоочу күч, кээде тагдыр менен байланышкан, кээде өзү Мойрам аял-кудайларына — тагдырга, жазмышка баш ийген жан катары көрсөтүлөт. Ал келечекти көрө алат. Ал түш, ошондой эле күн күркүрөө жана чагылган аркылуу тагдырдын божомолдорун жарыялайт. Бардык коомдук тартипти Зевс курган, ал шаар турмушунун колдоочусу, жабыркагандардын коргоочусу жана сыйынуучулардын колдоочусу, адамдарга мыйзамдарды берген, падышалардын бийлигин орноткон, ошондой эле үй-бүлөнү жана үйдү кайтарып, каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактайт. Башка кудайлар ага баш ийишет.

Мифтер[оңдоо | булагын оңдоо]

Төрөлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Зевс кудайлардын үчүнчү муунуна кирет, алар экинчи муундагы кудайларды - титандардын бийлигин кулатышкан. Зевтин атасы титан Кроноско ал өзүнүн уулу тарабынан бийликтен кетирилет деп алдын ала төлгөлөп айтышкан. Ушул себептен ал аялы Рея төрөгөн балдардын бардыгын жутуп салган.

Ошентип Рея күйөөсү алдап, кийинки баласын - Зевсти жашырын төрөйт. Мифтердин ар кандай версиялары боюнча, Зевс төрөлгөн Крит аралы же Фригия аралы аталат.

Бийлик үчүн күрөш[оңдоо | булагын оңдоо]

Зевс чоңойгондо, ал Кроностун курсагын жарып, улуу бир туугандарын кое берген, бирок аны жалгыз өлтүрө алган эмес. Башка версиясы боюнча, ал дары даярдап, бул дарыны ичкенден кийин Кроносту жутуп алган улуу балдарын түкүргөнгө мажбур болгон.

Андан кийин Зевс менен бирге кудайлар Кронос жана башка титандар менен күрөшүп, күн күркүрөөнү, чагылганды жараткан циклопторду жардамга чакырышкан. Айыгышкан согуш 10 жылга созулуп, бирок жеңүүчү болгон эмес. Ошондо Зевс Зевске баш ийүүгө ант берген жүз колдуу алптарын Тартардан бошоткон. Акыры титандар жеңилип жана түбөлүккө Тартарга түшүрүлгөн.

Башкаруу[оңдоо | булагын оңдоо]

Үч бир тууган — Зевс, Посейдон жана Аид— чүчүкулак же тандоо менен бийликти өз ара бөлүшкөн. Зевс - асманда, Посейдон - деңизде, Аид өлгөндөрдүн жер астындагы падышалыгында үстөмдүк кылышкан.

Аялдары жана балдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Зевстин жубайлары жана сүйгөндөрү.[оңдоо | булагын оңдоо]

Зевстин жаубайлары:

  • Метида (Зевс жутуп алган)
  • Фемида
  • Гера (Зевстин акыркы «расмий» аялы). Каллимахка ылайык, дүйнөнү Кронос башкарып турганда, Зевс жана Гера никесин 300 жыл жашырышкан.

Зевстин сүйгөндөрү көп болгон:

  • Евринома
  • Деметра
  • Ламия
  • Мнемозина
  • Лето (Латона)
  • Ио
  • Европа
  • Леда
  • Ганимед
  • Офрейда

жана башкалар.

Балдары:[оңдоо | булагын оңдоо]

Арес, Афродита, Аполлон, Гефест, Артемида, Гермес, Персефона, Дионис, Елена Прекрасная, оры, Аркисий, Талия, Полигимния, Эрато, Терпсихора, Эвтерпа, Урания, Мельпомена, Каллиопа, Клио, Минос, геспериды, Аэда, Эак, Мелета, Аргос, Мнема, Фелксиноя, Дардан, Илифия, Геба, Адрастея, Поллукс, Ата, Локрус[d], Геракл, Персей, Лакедемон, Гарамантис[d], Эгипан и др.