Мазмунга өтүү

Зеебек кубулушу

Википедия — ачык энциклопедия

Зеебек кубулушу (эффектиси) – удаалаш туташтырылган, тийишкен жеринде температуралары ар башка, эки түрдүү өткөргүчтөн турган туюк чынжырда электр тогунун пайда болушу.

Бул кубулушту 1821-ж. нем. окумуштуусу Зеебек ачкан. Эгерде тийишкен жерлердин температуралары ар кандай болсо, анда алардын ички потенциалдарынын айырмасы да ар башка болот. Ошондуктан электр тогу пайда болот. Зеебек кубулушу термодинамиканын 2-законуна каршы келбейт. Бул учурда ички энергия электр энергиясына айланат, ал үчүн эки жылуулуктун булагы, б. а. эки тиймек пайдаланылат. Зеебек кубулушуна ылайык, термоэлементтерди же термопараларды колдонуп температураны өлчөөгө болот. Термопаралар термометрлерге караганда чоң сезгичтикке ээ болгондуктан, температураны чоң интервалда алыстан өлчөгөнгө мүмкүндүк берет. Зеебек кубулушу электр тогун иштеп чыкканга да колдонулат. Жарым өткөргүчтөн жасалган термоэлектр генераторун өркүндөтүп, Күндүн энергиясын түздөн-түз электр энергиясына айландырганга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]