Зейнолла Кабдолов

Википедия дан

Кабдолов Зейнолла (12. 12. 1927, Казак АССРи, Урал облусу, Гурьев уезди, Доссоркыштагы – 2. 08.  2006, Казакстан Республикасы, Алматы шаары) – жазуучу, адабият таануучу, филология илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), Казак Илимдер Академиясы академиги (1989), Казак эл жазуучусу (1994), Казакстан Республикасынын (1984) жана КРеспубликасынын (1995) илимине эмгектин сиң. ишмер. 1950-ж. Казак мамлекеттикуниверситетин бүтүрүп, 1950-62-ж. аталган окуу жайда ассистент, улук окутуучу, 1962-жылдан доцент, 1975-2001-ж. кафедра башчысы болуп иштеген. «Жылдыз» адабий журналынын редактору (1954-57), Казак КП БКда сектор башчысы (1957-59), «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан жазуучулар союзунун секретары (1959-61) болгон. Ал «Жалын» (1970) романынын, «Менин Ауэзовум» аттуу роман-эссенин (Казак мамлекеттик сыйл., 1998), ошондой эле «Чеберчилик мектеби» (1964), «Сөз өнөрү» (1970, 2002) аттуу илимий эмгектердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]