Зеравшан кырка тоосу

Википедия дан
Чимтарга чокусу.

Зеравшан кырка тоосу - Ысар-Алай тоо тутумунда, 3еравшан дарыясынан түштүк тарапта, Өзбекстан менен Тажикстандын аймагында. Узундугу 370 км дей. Бийиктиги 5489 м ге чейин (Чимтарга чокусу). Негизинен кристаллдык сланец жана акиташ тоотектеринен, айрым жери граниттен турат. Чыгышы (Фандарыя суусуна чейин) бийик тоолуу, батышы орто бийик тоо рельефтүү. Мында рельефтин карсттык формасы өөрчүгөн (Киев үңкүрүнүн тереңдиги 950 м). Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 307 км2. Капталдарын сейрек токой, тоо-талаа өсүмдүктөрү жана альп шалбаасы ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]