ЗиУ-9
ЗиУ-9 | |
ЗиУ-9 ЗиУ-682 ЗиУ-5264 | |
![]() ЗиУ-9 Бишкек шаарындагы №17 каттамда | |
Өндүрүүчү завод |
Урицкиц атындагы завод (ЗиУ) → Троллейбус заводу (ТролЗа)[1] |
---|---|
Долбоорлонгон жылы | |
Чыгарылган жылдары |
1972 — 2015 |
Кепилденген иштөө мөөнөтү, жыл |
30 |
Саны |
42 000 даана |
Жүргүнчүсү жок учурдагы салмагы, т |
10,05-тонна |
Жабдуулары менен салмагы, т |
12-тонна |
Макс. ылдамдык, км/с |
68 |
Сыйымдуулугу, адам | |
Отурган орундар |
25 — 32 |
Номиналдуу сыйымдуулугу (5 адам/м²) |
91 |
Жалпы сыйымдуулугу (8 адам/м²) |
126 |
Көлөм өлчөмдөрү | |
Узун, мм |
11 888 |
Туурасы, мм |
2500 |
Бийиктиги, мм |
3347 |
Жертаманынын ылдыйлыгы, % |
0 |
Негизи, мм |
6200 |
Клиренс, мм |
350 |
Салону | |
Жүргүнчүлөр үчүн эшиктердин саны |
3 |
Эшиктеринин формуласы |
2+4+4; 1+2+2; 2+2+2 |
Ички жарыктандыруу |
люминесценция лампасы |
Кыймылдаткычы | |
Түрү |
ДК-207Г, ДК-210А-3, ДК-211, ДК-213, ДК-213А, ЭК-213 |
Кубаттуулугу, кВт |
110, 115, 150 |
Башкаруу системасы |
РКБС, ТИБС |
Иш учурундагы чыңалуусу, В |
600 |
![]() |
ЗиУ-682 (ЗиУ-9 же ЗиУ-5264) — шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн сыйымдуу советтик жана орусиялык жогорку кубаттуулуктагы троллейбус. Троллейбустун бул модели 1972-жылдан 2015-жылга чейин сериялык өндүрүштө болгон жана бир нече өзгөртүүлөрдөн өткөн.
ЗиУ-9 дүйнөдөгү эң массалык троллейбус[2], ал постсоветтик мейкиндиктеги көптөгөн шаарларда жана Европанын жана Түштүк Американын айрым шаарларында колдонулган жана азыркы учурда дагы колдонулуп келет. Бул троллейбус советтик кино тасмаларда көп кездешет жана ага мурдагы СССРдин шаарларындагы бир катар эстеликтер орнотулган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1960-жылдардын башында советтик шаардык коомдук транспорт троллейбус паркын жаңыртууга муктаж болгон. Ошол убакта шаарларда колдонулган МТБ-82 жана ЗиУ-5 үлгүсүндөгү эки эшиктүү троллейбустардын эшиктеринин эскирген схемасы жана жүргүнчүлөрдүн кирип-чыгуусунун татаалдыгына себептүү, ЗиУ-5Е модификациясында үч эшиктүү модель иштелип чыккан. Бирок бул модификация массалык түрдө өндүрүлгөн эмес. Натыйжада, жаңы муундагы троллейбус моделин иштеп чыгуу зарылчылыгы жаралган[2].
ЗиУ-9 прототиби 1966-жылы иштелип чыкан[3]. ЗиУ-9 (ЗиУ-6 автобусу менен бирге) коомчулукка биринчи жолу 1971-жылдын июль айында Элдик чарбанын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн. Конструкторлор бул троллейбусту иштеп чыгып жаткан учурда эле анын базасында автобус чыгарууну да пландашкан. ЗиУ-9дун биринчи эксплуатациясы ЗиУ-682Б аталыштагы модификация менен 1972-жылдын 16-августунда Чебоксары шаарында башталган[4][5]. Кийинчерээк (1976–2015-жылдары) бул троллейбустун негизинде В жана Г тамгалары менен белгиленген бир нече модификация иштелип чыккан. Өз кезегинде ЗиУ-682Г негизинде ЗиУ-682Г-016 троллейбустар өндүрүлгөн. Бул модификациядагы троллейбустра негизги моделден айырмаланып электр жабдуулары транспорттун негизинен чатырына чыгарылган жана кузову коррозияга туруштук берүүчү металлдардан жасылып, бекемделген конструкцияга ээ болгон[6].
1973-жылы Урицкий атындагы заводдо ЗиУ-8 (ЗиУ-5250) үлгүсүндөгү автобустун сыноо үчүн эки нускасы чогултулган. Бул автобус ЗиУ-9 троллейбусу менен дээрлик толугу менен унификацияланган. Бирок, бул автобус сериялык өндүрүшкө чыгарылган эмес[7].
1975-жылы Урицкий атындагы завод ВКЭИА менен биргеликте ЗиУ-682Б2 үлгүсүндөгү тажрыйбалык троллейбустун долбоорун иштеп чыгышкан. Бул троллейбус ЗиУ-682Б моделиндеги троллейбусунун терең модернизацияланган версиясы болгон. Салонундагы жүргүнчү отургучтары жаракат алуудан коргой турган конструкциялар орнотулган, айнектери күндүн нурунан коргоо үчүн караңгылатылган, эшиктери электропневматикалык кыймылдаткыч жабдуулары менен жабдылган, жарыктандыруу жана жылытуу системалары жакшыртылган, авариялык сигнализация жана токтун агуусун аныктоочу аспаптар орнотулган. Бул жакшыртуулардын баары троллейбустун эксплуатациялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган болчу. Бирок, заводдун өндүрүштүк иштери көп болгондуктан, ЗиУ-682Б2 прототиби сериялык өндүрүшкө чыгарылган эмес. Ошентсе да, бул долбоордогу айрым техникалык чечимдер кийинчерээк 1975-жылдын аягында өндүрүшкө чыккан ЗиУ-682В моделин иштеп чыгууда колдонулган[8].
ЗиУ-9 троллейбусунун сериялык өндүрүшү 2014-жылы бул моделге болгон суроо-талаптын жоктугунан улам токтотулган. 2013-жылдан кийин чыгарылган жалгыз ЗиУ-682Г-016 троллейбусу 2015-жылдын май айында Нальчик шаарына жиберилген[9].
Август төңкөрүшү учурунда СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн техникасын токтотуу ЗиУ-682, ЗиУ-683 жана СВАРЗ-Икарус троллейбустары колдонулган. Бул окуялардан кийин айрым троллейбустар эксплуатациядан чыгарылган, ал эми болгон окуялардын урматына, эстелик катары ЗиУ-682В-013 үлгүсүндөгү №4320 троллейбус сакталып калган[10].
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]-
1975-жылы августта өндүрүлгөн ЗиУ-682Б троллейбусу Запорожьеде.
-
ЗиУ-682Г00 троллейбусу. Бэлць шаары, Молдавия
-
ЗиУ-682Г-016.02 троллейбусу. Владимир шаары.
-
ЗиУ-682УВ. Дебрецен шаары.
-
Брест шаарындагы 001 номери орнотулган биринчи ЗиУ троллейбусу.
-
ЗиУ-9 Кордова шаарында. Аргентина.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Троллейбус ЗиУ-682Б (ЗиУ-9Б)
- ↑ 2.0 2.1 Bibimot. 42 тысячи троллейбусов – рекорд советской модели до сих пор не побит
- ↑ Городской электротранспорт. Москва, троллейбус № 5000
- ↑ Чебоксары, троллейбус № У-7
- ↑ «За рулём» Журналынын 1972-жылдагы архиви.
- ↑ Троллейбус ЗиУ-682Г-016
- ↑ ЗиУ-8 — малоизвестный автобус на базе троллейбуса
- ↑ Наука и техника. Пассажирские троллейбусы производства СССР
- ↑ Нальчик, ЗиУ-682Г-016.05 № 076
- ↑ Москва, троллейбус № 4320