Зибберштейн, Фаддей Карлович

Википедия дан

Зибберштейн Фаддей Карлович (1789 – Польша өлгөн жылы белгисиз) – орус армиясынын аскердик дарыгери; улуту поляк.

1821-жылы Виленск университетинин «дарыгерлик илим» курсун бүтүрүп, Омск гарнизонунда дарыгер катары аскердик кызмат өтөгөн.

1825-жылы 25-майда жергесине кайтып бараткан бугу уруусунун элчилерин (Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шераалы уулу, Алымбек Жапалак уулу) коштоп чыккан казак-орус кошууну менен кошо Ысык-Көлгө келип, көргөн-билгендерин жазган.

«Омскидеги горнизондук полктун дарыгери Зибберштейндин сапарда жүргөндөгү байкоолору» деген кол жазмасын 1825-жылы октябрда Батыш Сибирь генерал-губернаторуна тапшырган.

Анда кыргыздардын 19-кылымдын 1-чейрегиндеги саясий абалы, чарбалык, коомдук турмуш-тиричилиги, жер-суу аттары чагылдырылган.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]