Зилина

Википедия дан

Зилина-кыргыз жаштарынын жаңы оюндарынын бири.Оюн тегиз жерде,мектептин спорт аянтчасында,залында ойнолот.Оюнга 6-10 жаштагы 20-25 оюнчу катышат.Оюнчулар кол кармашып, тегерете турушат. <<Зилина, зилина, ар кыл оюну жаштардын, бир деймин, эки деймин үч деймин, төрт деймин, тынчтык үчүн деймин!>>- деп бардык оюнчулар көздөрүн жумуп туруп калышат. Ким күлүп жиберсе,ошол ырдап же бийлеп берет. Ошентип, оюн улантыла берет.



Пайдаланылган адабият:

Токторбаев Саты Өспүрүмдөр оюндары.