Зоналык эритүү
Зоналык эритүү (зоналык кайра кристаллдаштыруу) - материалды кошундудан арылтып тазалоочу кристалл-физикалык ыкма.
Зоналык эритүүнүн башка ыкмалардан айырмасы: узун катуу жебе дароо эритилбестен, анын бир учунан аз-аздап эритилип тазаланылышында. Зоналык эритүү биринчи жолу 1927-ж. колдонулуп, 1952-жылдан кеңири пайдаланылууда. Зоналык эритүүнун контейнердуу горизонталь жана тигелсиз вертикаль түрлөрү колдонулат. Контейнердүү Зоналык эритүүдө тазалануучу катуу зат атайын контейнердин ичине жайгаштырылып, анын зона деп аталуучу кичине бөлүгү жогорку жыштыктуу индукциялык меште көлкүлдөп эритилет. Затты (же мешти) жай жылдырганда эриген зона да заттын узуну боюнча жылат. Бул учурда заттын катуу жана суюк абалынын чегинин бир жак бетинде материалдын кристаллдашы байкалса, экинчи бетинде материал акырындап эрий берет. Эриген зона кайра кристаллдашып, алгачкыга Караганда таза материал алынат. Өтө таза материал алуу максатында Зоналык эритүү бир эле материал үчүн бир нече жолу кайталанышы мүмкүн.
Контейнердуу Зоналык эритүүдө контейнердин заты менен өз ара аракеттенбөөчү материалдар тазаланат. Зоналык тазалоо кошундунун суюк жана катуу фазадагы материалдарынын эригичтиги бирдей болбогондугуна негизделген. Тазалануучу жебеси тик жайгашкан тигелсиз Зоналык эритүү ыкмасы 1953-ж. сунуш этилген. Мында эриген зона ошол заттын беттик тартылуу күчүнүн аракети менен кармалып турат. Бул ыкма жогорку температурада эрүүчү же беттик тартылуусу чоң маанидеги активдүү материалдарды тазалоо үчүн колдонулат. Зоналык эритүү кошундусу 10-7-10~э% болгон өтө таза материалды алууда, бир тектүү кристаллды өстүрүүдө ж. б. колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.