Зоолу

Википедия дан

Зоолу - күнөөлүү деп эсептелген, камакка алынган адамдардын колу-бутуна, моюнуна салына турган кишен. Ал жоон чынжырлар менен бириктирилген бекиме темир билериктерден жасалган. Зоолунун колго, бутка же экөөнө тең салынуучу, ошондой эле колго, бутка, моюнга чогуу салынычуу түрлөрү бар. Зоолунун билерикчелеринин ар биринде өзүнчө ачкыч болгон. Зоолу илгерки заманда Кытайда, Чыңгыз хандын мамлекетинде, Иранда, өзгөчө падышалык Россияда каторгага айдалган адамдарга карата кеңири колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]