Зооморфтук образ

Википедия дан

Зооморфтук образ (гр. zoon — жаныбар morphe — форма, образ, көрүнүш) — кудайларды, пирлерди айбанат кебетесинде элестетүү. Зооморфизм антроморфизмден мурда пайда болгон; айрым учурларда гана тең өнүккөн. Адамдардын жаратылыш кубулуштары жөнүндөгү түшүнүктөрү алгач негизинен зооморфтук формада болуп, антроморфтук элеске кийинчерээк өткөн жана 3. о-дар да антроморфтук образдардан мурун түзүлгөн (к. Антропоморфтук образ). Алгач зооморфтук формадагы образдардын баары эле антропоморфтук формага өтө бербейт. "Манас" эпосунда да 3. о-дарды учуратууга болот. Башкы каарман Манастын алп кара куш, ажыдаар, бөрү, жолборс жана башкалар жаныбарлар колдоп жүргөндө ага эч кимдин алы жетпейт, ок өтпөйт, найза тешпейт:

Кара чаар кабылан

Капталында чамынып,

Чолок көк жал арстан

Жан жагында камынып.

Бет алдында сур жолборс,

Пендеде мындай жан болбос (Саякбай Каралаев, 1. 148).

Ажыдаар — жыланы

Артынан сойлоп калгандай,

Көсөө куйрук көк бөрү —

Көкжал эрдин жөкөрү

Көтүнөн ээрчип алгандай,

Асман жаккы айбаты

Алп кара куш арбайып

Асмандан бутун салгандай (Сагымбай Орозбаков, 2. 186).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4