Зордуктоо маданияты

Википедия дан

Зордуктоо маданияты - коомдун гендердик жана жыныстык мамилелерге болгон көз карашынан келип чыккан зордуктоолор нормалдаштырылган чөйрөгө айтылат.[1] Зордуктоо маданиятына мүнөздүү жүрүм-турум - жабырлануучуну күнөөлөө (виктимблейминг), слатшейминг, сексуалдык объективация, зордуктоону коркунучтуу бир нерсе катары кабыл албоо, зордуктоону кеңири жайылган көйгөй экенин жана чоң зыян келтиргенин четке кагуу. Бул түшүнүк социалдык топтордун ичиндеги, мисалы түрмөдөгү жана согуш учурундагы конфликттик аймактардагы, жүрүм-турумду сүрөттөө жана түшүндүрүү үчүн колдонулуп келген.

Зордуктоо маданияты деген түшүнүк феминисттер кыймылынын экинчи толкуну тарабынан, негизинен Америка Кошмо Штаттарында, 1960-жылдардан баштап иштелип чыккан. Концепцияны сындагандар анын бар экендигин же олуттуулугун талашка салышкан, жана концепция өтө тар экенин айтышкан. Ошондой эле, зордуктоо кеңири жайылган маданияттар бар болсо дагы, зордуктоо маданиятынын идеясы зордуктоочу күнөөлү эмес, зордуктоого мүмкүнчүлүк берген жалпы коом күнөөлү экендигин билдириши мүмкүн деген сындар чыккан. Зордуктоо маданияты түшүнүгүн жактагандар жалгыз гана кылмышкер күнөөлүү эмес дешет. Кылмышкер негизги күнөөкөр болгон учурда дагы, аны жаап-жашыргандар, жабырлануучу тарапты күнөөлөгөндөр же уяткаргандар, шериктештер, жана жалпысынан бүтүндөй коомчулук жана маданият дагы коллективдүү түрдө жоопкерчиликтүү.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Зордуктоо маданияты" деген термин биринчи жолу 1970-жылдары Америка Кошмо Штаттарында феминисттер кыймылынын экинчи толкунунун учурунда бүтүндөй Америка маданиятына карата колдонулат[2]. 1970-жылдары феминисттердин экинчи толкуну коомчулукка зордуктоонун кеңири жайылышы жөнүндө маалымдоо максатында элдин аң-сезимин көтөрүүгө аракеттерин башташкан. Зордуктоо маданияты концепциясынын айтымында зордуктоо Америка маданиятында кеңири таралган жана адаттагы көрүнүш болгон жана бул коомдун аялзатына карата жек көрүүчүлүктүн жана сексизмдин экстремалдык көрүнүшү болгон. Зордуктоо сексуалдык кылмыш эмес, зордук-зомбулук кылмышы катары жана анын мотиви сексуалдык ырахаттанууга болгон каалоодон мурун эркектердин үстөмдүгү, коркутуу жана гендердик нормаларды көзөмөлдөө катары жаңыдан аныкталып чыккан[3][4][5]. Ошондой эле зордуктоо кылмышкерлердин тарабынан эмес, жабырлануучулардын көз карашы тарабынан кайрадан изилдене баштаган.[4]

Бул термин биринчи жолу 1974-жылы Нью-Йорктун Радикалдык Феминисттери тобу үчүн басылып чыккан "Зордуктоо: Аялдар үчүн алгачкы булак китебинде"[6] колдонулган. Ал китепте аталган топ: "Биздин негизги максатыбыз - зордуктоону жоюу жана коомду революциялык жол менен өзгөртпөстөн бул максатка жетүү мүмкүн эмес", - деп жазган[7]. Аталган китеп жана Сюзан Браунмиллердин 1975-жылы жарык көргөн "Биздин эркибизге каршы: Эркектер, аялдар жана зордуктоо" (Against Our Will: Men Woman and Rape) аттуу эмгеги аялдардын зордуктоо жөнүндөгү билдирүүлөрүн камтыган алгачкы китептердин бири болгон. Алардын авторлору зордуктоо учурлары ойлогондон алда канча көп болгонун далилдөөгө аракет кылышкан. Бул китепте Браунмиллер аялдар зордуктоо жөнүндө эч качан сүйлөбөйт, анткени алар "алардын физикалык бүтүндүгүнө каршы болгон кылмыш" жөнүндө ачык сүйлөшкүсү келбейт, бул коомчулуктун зордуктоонун кулач жайганына көңүл бурбаганын көрсөтөт[3]. Браунмиллер академиялык чөйрөдө да, коомчулукта да зордуктоо фактылары эске алынбайт деп ырастаган[8]. Ал психологдорго "зордуктоону колдогон маданияты" эмнеден улам пайда болгонун байкоого жана изилдөөгө жардам берген[4]. “Биздин эркибизге каршы” китеби феминизм жана сексуалдык зомбулук боюнча маанилүү эмгек жана зордуктоо боюнча заманбап изилдөөлөрдүн тиреги катары каралат[9][10].

Сереп[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Феминисттердин көз карашы боюнча зордуктоо маданияты гендердик зомбулукка үндөгөн жана "зордуктоо мифтерин" (зордуктоо бул жөн гана "орой секс", зордукталган кишинин деле күнөөсү бардыр) колдогон маданий чөйрө. Майкл Паренти зордуктоо маданияты зордуктоону күнүмдүк көрүнүш катары, атүгүл эркектердин укугу катары кабыл алуу аркылуу өзүн жарыялайт деп эсептейт.[11] Бул зордуктоо фактыларын кароодо милициянын кайдыгерлигинен, ошондой эле жабырлануучуларды күнөөлөөдөн, бийликтин патриархалдык маданий нормаларга каршы келүүдөн тартынуусунан, ошондой эле зордуктоонун курмандыктары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн стигматизациядан коркуудан улам күчөшү мүмкүн.[11] Башка социологдор зордуктоо маданияты макулдугу жок жыныстык катнашты коомдун маданий түзүлүшүнө байланыштуу деп эсептешет, анда патриархалдык дүйнө таанымы, аялзатына жек көрүүчүлүк жана гендердик теңсиздик менен коштолгон, муундан муунга өтүп, зордуктоонун кеңири социалдык жана институционалдык деңгээлде кабыл алынышына алып келет.

Бул уламыштардын жайылышыныны бир себеби - айрым "ыплас" же "жүрүм-туруму начар" аялдар гана зордукталат деген түшүнүктүн бар болушу. Бул жалпы калктан бөлүнгөн аялдардын категориясын пайда кылат, аларга "окшобоого" үндөйт жана ар бир адам зордуктоого дуушар боло алат деген ойду азайтат[12].[13] Зордуктоо жөнүндөгү уламыштардын бири – зордук кокусунан болбойт. Мындай көз караш зордукталган аялдар эч кандай себепсиз зордукталган эмес, тескерисинче алар буга татыктуу деген ойду жайылтат. Эгерде аялдар өздөрүн зордуктоого себепкер деп эсептешсе, анда алар күч органдарына кайрылбашы мүмкүн. Коом ошондой эле эркектердин агрессивдүү экендиги жөнүндөгү стереотипти алардын иш-аракеттери үчүн шылтоо катары колдонот. Бул нерсе зордуктоону актайт жана нормалдаштырат. Коом ушундай мифтерди жаратып, аялдарды коркууга салат. Зордуктоо маданиятын кабыл алуунун дагы бир себеби - бул "адилеттүү дүйнө" гипотезасы, ал адамдын жашоосунда эмне болуп жатканы анын иш-аракеттери менен тыгыз байланышта жана ошондуктан адилеттүү деп эсептелет. Бул теорияга ишенген адамдар зордукталган аялдар кандайдыр бир деңгээлде буга татыктуу деп ишениши мүмкүн. Акыры, зордуктоо аялдарга адамзатынын тарых бою кылынган мамилеге байланыштуу болушу мүмкүн, бул аялдарды эзүү жана көзөмөлдөө үчүн колдонулган фактор.[13]

Браунмиллер "Биздин эркибизге каршы" аттуу китебинде 20-кылымдын башында жана ортосунда зордуктоо жөнүндөгү айрым мифтерге көңүл бурууга жардам берген үч идеяны талкуулайт. Биринчиден, ар бир аял жашына, көлөмүнө, дене түзүлүшүнө, улутуна же статусуна карабастан зордуктоонун курмандыгы болушу мүмкүн. Экинчиден, ондогон жылдар мурун эсептелгендей "зөөкүр" же "психикалык жактан ооруган" эркектер гана зордойт деген жаңылыш түшүнүк бар, ар бир эркек зокдуктоочу болуп калышы мүмкүн. Акыры, зордуктоо ар кандай учурларда болушу мүмкүн, бул бейтааныш адам тарабынан жасалган зордуктоо сыяктуу стереотиптерге гана байланбайт[3][5].

Ар бир аял зордуктоонун курмандыгы болуп калышы мүмкуң деген идея жабырлануучуну күнөөлөө (виктимблейминг) түшүнүгүнө көңүл бурууга себеп болгон. Зордуктоого ар бир киши кабылып калышы мүмкүн, эркектер менен аялдарда андан толук сактануунун бир жолу жок. Зордуктоонун айрым мифтери аялдарды зордуктоонун кандай түрү болоруна байланыштуу кеңири кабыл алынган. Кээ бир мифтер кандай аялдар зордукталышы мүмкүн деген түшүнүктүн негизинде кеңири кабыл алынган, алар жабырлануучу ар дайым "жаш, бейкапар жана сулуу" же эркектерди чагымчылдык менен "зордуктоого чакырган" "жеңил ойлуу" аялдар деген идеялар болгон". Браунмиллердин жабырлануучуну күнөөлөө жөнүндөгү идеясы зордуктоо жөнүндөгү мифтердин жалган экендигин ачыкка чыгарып, жабыркаган адамды күнөөлөөнү токтотуусу керек болсо да, зордукталган учурларда жабырлануучуну күнөөлөө дагы деле кеңири таралган практика.

Объективдештирүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрымдар зордуктоо маданиятынын негизги себеби "аялдарды башкаруу жана объективдештирүү"деп эсептешет[14]. Бирок, академиялык теория зордуктоо маданиятынын сөзсүз түрдө бир гана себеби жок деп эсептейт жана себептер маданияттын башка социалдык аспектилеринин негизинде локалдаштырылышы мүмкүн. Зордуктоо маданияты - бул ийкемдүү жана ар дайым өзгөрүп турган, социалдык жактан өндүрүлгөн жана социалдык жактан легитимдүү нерсе, ошондуктан анын аныктамалары убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. Зордуктоо жана зордуктоо маданияты жөнүндө ой жүгүртүүгө гендердик жана гетеросексуалдык нормалар да таасир этет[12]. Мисалы, Түштүк Африкада эркектикти жана зордук-зомбулукту баса белгилеген  “согуш маданияты” зордуктоону нормалдаштырууга алып келген[14]. Дэвис шаарындагы Калифорния университетинин мамлекеттик документинде зордуктоонун негизги себептери аялдардын социалдык эрежелерди сактоого мажбурлоо жана гендердик ролдордун шартталышы болгон деп ырасталган[15]. Башкалары болсо зордуктоо маданиятында аялдар эркектердин сексуалдуулугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деп айтышат, ал эми гендердик ролдор социалдык жактан курулуп, аялдарга коркуу сезими аркылуу жүктөлөт[16].

Сексуалдаштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сексуалдаштыруу жана сексуалдык объективдештирүү - бул зордуктоо маданиятындагы тема болгон аялдардын гиперсексуалдаштырылган түшүнүктөрүн нормалдаштырууга өбөлгө түзгөн практика[17]. Гипер-сексуалдуу же порнографиялык маалымат каражаттары көбүнчө аялдарга карата зомбулукту колдогон агрессивдүү жүрүм-турум жана мамилелер менен байланыштырылат[18]. Ошондой эле зордук-зомбулукка байланышкан жыныстык катнаштын сүрөттөлүшү жүрүм-турумдук агрессияны күчөтөт[19]. Сүрөттөрдү сексуалдаштыруу кээ бир учурларда аялзатына карата жек көрүүчүлүккө негизделген ишенимдерди бекемдейт.[19] Бул медиа кино, музыка, жарнама, видео оюндар жана башкалар түрүндө болушу мүмкүн[20].

Феминисттер зордуктоо маданиятын порнографиянын кеңири таралышы менен байланыштырышат, бул аялдарды буюм катары көргөн маданияттын көрүнүшү катары каралат, анда аялдардын денесин товар катары гана көрүлөт. Зордуктоочулардын билдирүүлөрүндө көбүнчө бир нече порнографиялык мотивдер бириктирилет[21].

Түрмөдөгү зордуктоо темасы тууралуу тамашалар көп. “Just Detention International” (Эл аралык адилеттүү камакка алуу) уюмунун директору Линда Макфарлейн мындай дейт: "Юмор - бул маданий көз караштын бир бөлүгү, анда зордуктоо кадимкидей көрүнүш катары саналаган жай  - бул түрмө деген[22]."

Жабырлануучуну күнөөлөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зордуктоо маданияты слатшейминг жана виктимблейминг менен тыгыз байланышта, анда зордуктоонун курмандыктары зордуктоо үчүн күнөөлүү деп эсептелет. Окумуштуулар бул байланыш гетеронормативдүү үй-бүлөдө тукум улоо максатында эмес, аялдардын сексуалдуулугун уятка калтырган маданиятка байланыштуу деп ырасташат.[12] Айрым жабырлануучулардын аларга ишенбөө коркунучу болгондуктан зордуктоо фактысы тууралуу полицияга билдирбегени көп учурда зордуктоо маданиятынын белгиси катары көрсөтүлөт[12]. Зордуктоо жөнүндө билдирбеген аялдардын 6%ы полицияга аларга ишенбей коет деп корккондорун айтышкан[23].

Виктимблейминг[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жабырлануучуну күнөөлөө - бул кылмыштын курмандыгы аларга каршы жасалган кылмыштар үчүн жарым-жартылай же толугу менен жооптуу деп эсептелген көрүнүш[24]. Мисалы, жабырлануучу бир нерсе кылып жаткан, өзүн башкача алып жүргөн же кылмышкерди делебесин козгогон кийимдерди кийген, ошондуктан жабырлануучуга карата жасалган кылмышты өз күнөөсү катары кабыл алуусу үчүн жабырлануучуга полиция тарабынан, тез жардам бөлүмүндө же сот залында суроолор берилет[25]. Жабырлануучуну күнөөлөө курдаштарынын арасында да болушу мүмкүн жана колледждин студенттери зордуктоо тууралуу арызданышса, айрыкча, кылмышкер популярдуу фигура же белгилүү спортчу болсо, анда ошол студенттин курдаштарынан четтетилгендигин билдиришкен.

Жабырлануучуну күнөөлөө "Зордуктоо мифтерин кабыл алуу" деп аталган көрүнүштүн бир бөлүгү болуп саналат, бул терминди 1980-жылдары изилдөөчү Марта Берт ойлоп тапкан. Бул зордуктоо, зордуктоо курмандыктары жана зордуктоочулар жөнүндө мифтер бейкалыс, стереотиптик же жалган ишенимдер катары аныкталат, алар зордуктоону анча маанилүү эмес деп эсептөө, кеңири жайылган зордуктоону четке кагуу, айыптоочуну жалганчы деп атоо, зордуктоо боюнча айыптоолордун көпчүлүгү жалган, сексуалдык зомбулуктун айрым түрлөрүнөн улам келтирилген зыянды моюнга алуудан баш тартуу же жабырлануучунун "ага татыктуу" экендигин кабыл алуу, анткени ал сойку катары аныкталган.[26] Жабырлануучуну күнөөлөөгө дагы бир себеп - жабырлануучунун кылмышкер менен жыныстык катнашта болууну каалаган сценарийинде зордуктоонун эмне экенин түшүнбөгөндүгү. Эгер жабырлануучу жыныстык катнашты каалап жатса, бирок жыныстык катнашка баруудан баш тартса жана кылмышкер андан ары да жыныстык катнашта барууну улантса, анда бул жагдай зордуктоо деп эсептелет; бирок, башкалар үчүн бул жагдай үчүн жабырлануучуну күнөөлөө оңой болот, анткени ал "жыныстык катнашты каалаган".[27]

Слатшейминг[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Слатшейминг (slut - сойку, shaming - уяткаруу) - жабырлануучуну күнөөлөөгө окшош деп эсептесек болот, анткени, бул учурда, сексуалдык катнаш боло турган окуяларга катышкан адам айыпталат. Бул эки түшүнүктүн негизги айырмачылыгы жабырлануучуну күнөөлөгөн учурда ал ага кол салган адамды ошол кылмышка түрткөндүгү үчүн өзү күнөлүү деп айыпталат (мисалы, ашыкча ачык кийгендиги үчүн зордук менен сексуалдык катнашка кабылгандыгын үчүн өздөрүн айыпташат), ал эми слатшейминг - бул жыныстык мамилелерге өз ыктыяры менен катышкандыгы үчүн айыпталган адамга карата айтылган айыптоолор. Слатшейминг - бул адамдардын жыныстык жүрүм-туруму же каалоолору үчүн өзүн күнөөлүү же төмөн сезүүсү, мындай жүрүм-турум менен алар салттуу гендердик күтүүлөрдөн четтешет[28].

Булактар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Olfman, Sharna (2009). The Sexualization of Childhood. (англ.) p. 9.
  2. Smith, Merril D. (2004). Encyclopedia of Rape (англ.). Westport, Conn.: Greenwood Press. 174 бет. ISBN 978-0-313-32687-5.
  3. 3.0 3.1 3.2 Brownmiller, Susan. Against Our Will: Men, Women and Rape. Ballantine, 1975. Print ISBN 978-0449908204
  4. 4.0 4.1 4.2 Maschke, Karen J. The Legal Response to Violence against Women. New York: Garland Pub., 1997. ISBN 9780815325192
  5. 5.0 5.1 Chasteen, Amy L. (April 2001). "Constructing rape: Feminism, change, and women's everyday understandings of sexual assault". Sociological Spectrum. 21 (2): 101–139. doi:10.1080/02732170121403.
  6. New York Radical Feminists; Noreen Connell; Cassandra Wilson (1974). Rape: the first sourcebook for women (англ.) New American Library. 105 бет. ISBN 9780452250864.
  7. Freada Klein (1974). "Book Review: Rape: The First Sourcebook for Women (New York Radical Feminists)" Archived 2017-11-21 at the Wayback Machine(англ.). Feminist Alliance Against Rape Newsletter. Текшерилген күн: 19.04.2023.
  8. Rutherford, Alexandra (June 2011). "Sexual Violence Against Women: Putting Rape Research in Context". Psychology of Women Quarterly. 35 (2): 342–347. doi:10.1177/0361684311404307. S2CID 145146774.
  9. Buchwald, Emilie; Fletcher, Pamela; Roth, Martha (1993). Transforming a Rape Culture (англ.). Milkweed Editions. 1–4 бет. ISBN 978-0915943067.
  10. Smith, Merril D. (2004). Encyclopedia of Rape (англ.). Westport, Connecticut: Greenwood Press. 223 бет. ISBN 978-0313326875.
  11. 11.0 11.1 Parenti, Michael (2005). The Culture Struggle (англ.). New York: Seven Stories Press. 71–79 бет. ISBN 9781583227046.
  12. 12.0 12.1 12.2 12.3 Herman, Dianne F. (1989). "The Rape Culture". In Freeman, Jo (ed.). Women: a feminist perspective (4th ed.). Mountain View, Calif.: Mayfield Pub. Co. ISBN 9780874848014.
  13. 13.0 13.1 Lonsway, Kimberly A.; Fitzgerald, Louise F. (1994). "Rape Myths: In Review" (англ.). Psychology of Women Quarterly. 18 (2): 133–164. doi:10.1111/j.1471-6402.1994.tb00448.x.
  14. 14.0 14.1 Vogelman, L. "Sexual Face of Violence: Rapists on Rape" (англ.). Raven Press Ltd; National Criminal Justice Reference Service.
  15. "Defining a Rape Culture" University of California Davis. Текшерилген күн: 20.04.2023.
  16. Ritzer, George; Ryan, J. Michael (3 December 2010). The Concise Encyclopedia of Sociology. John Wiley & Sons. p. 493. ISBN 978-1-4443-9264-7.
  17. Suarez, Eliana; Gadalla, Tahany M. (11 January 2010). "Stop Blaming the Victim: A Meta-Analysis on Rape Myths". Journal of Interpersonal Violence. 25 (11): 2010–2035. doi:10.1177/0886260509354503. PMID 20065313.
  18. Hald, Gert Martin; Malamuth, Neil M.; Yuen, Carlin (2010). "Pornography and attitudes supporting violence against women: revisiting the relationship in nonexperimental studies". Aggressive Behavior. 36 (1): 14–20. doi:10.1002/ab.20328. ISSN 1098-2337. PMID 19862768.
  19. 19.0 19.1 Allen, Mike; D'alessio, Dave; Brezgel, Keri (1995). "A Meta-Analysis Summarizing the Effects of Pornography II Aggression After Exposure". Human Communication Research. 22 (2): 258–283. doi:10.1111/j.1468-2958.1995.tb00368.x.
  20. Harding, Kate (2015). Asking For It: The Alarming Rise of Rape Culture-and What We Can Do About It (англ.) Boston, MA: Da Capo Press. pp. 11–13.
  21. Odem, Mary E.; Clay-Warner, Jody (1998). Confronting Rape and Sexual Assault. Rowman & Littlefield. 111 бет. ISBN 978-0-8420-2599-7.
  22. Anna Clark (2009). "Why Does Popular Culture Treat Prison Rape As a Joke?" (англ.). Текшерилген күн: 20.04.2023.
  23. Backman, Ronet (1988). "The factors related to rape reporting behavior and arrest: new evidence from the National Crime Victimization Survey". Criminal Justice and Behavior. 25 (1): 8. doi:10.1177/0093854898025001002.
  24. E. Buchwald, P. Fletcher, M. Roth. Transforming a Rape Culture (1993).
  25. Cole, Jennifer; Logan, T.K. (February 2008). "Negotiating the challenges of multidisciplinary responses to sexual assault victims: sexual assault nurse examiner and victim advocacy programs". Research in Nursing and Health. 31 (1): 76–85. doi:10.1002/nur.20234. PMID 18163392.
  26. Anderson, Janet (2001). "RAPE MYTHS" (англ.) www.wcsap.org. Текшерилген күн: 20.04.2023.
  27. Moore, Newlyn B.; Davidson, J. Kenneth Sr.; Fisher, Terri D. (2010). Speaking of Sexuality: Interdisciplinary Readings. New York: Oxford University Press, Inc. p. 358. ISBN 9780195389494.
  28. Taylor, Marisa (29.05.2014). "Slut-shaming has little to do with sex, study finds". america.aljazeera.com. Al Jazeera America. Текшерилген күн: 20.04.2023.