Зулпукаров Аманкул
Зулпукаров Аманкул - (21. 6. 1945-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Саты айылы) экономика илимдеринин доктору (2006), эл чарбасын башкаруу боюнча адис. КМУнун экономика факультетин (1969), Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти (1993) бүткөн. Зулпукаров 1969-94-ж. КРдин Мамлекеттик статистика комитетинде экономист, бөлүм башчы, төраганын орун басары, төрага, 1994-98-ж. Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 1998-жылдан ЖАМУда кафедра башчысы, профессор, экономика жана укук институтунун директору, агрардык-экономикалык факультеттин деканы. 50гө жакын илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн. Медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Аграрная реформа в Кыргызской Республике. Б., 2000; Социально-экономические проблемы аграрной реформы в Кыргызской Республике. Б., 2003; Формирования и развитие агробизнеса в условиях трансформирующейся экономики. Б., 2003.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5