Мазмунга өтүү
Зухаа сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. 11 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Шашке маалына ант!
- "2. Койулган түнгө ант!
- Тынч караңгы түнгө ант!"
- "3. Сенин Эгең сени таштаган да, сага ачууланган да жок.
- (О, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок"
- "4. Анткени, сага Акырет жашоосу дүйнө жашоосунан жакшыраак.
- Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак."
- "5. Эгең сага сен ыраазы болгудай (жакшылыктарды) берет
- Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң."
- "6. (Ал) сени жетим кезиңде таап, сага баш баанек жасабады беле?
- Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле? (2)"
- "7. Жана да сени (Ал) адашкан абалда таап, Туура жолго салбады беле?
- Жана (Аллах) сени адашкан абалда таап (3), андан кийин Туура Жол көргөздү го!"
- "8. (Ал) сени жакыр кезиңде таап, сени байытпады беле?
- Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды."
- "9. Демек, сен жетимге каарданба!
- Эми, сен жетимге каарыңды төкпө"
- "10. Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!
- Жана сураган адамга орой мамиле кылба."
- "11. Жана да Эгеңдин жакшылыгын кабарла!
- Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө."