7. Алар өздөрүнө келген пайгамбарды такай келеке кылышкан.
8. Ошентип, алардын күчтүүрөктөрүн да жок кылдык. Мурункулардын мисалы өттү[6].
9. (Эй, Мухаммед!) эгер алардан: «Асмандар менен жерди ким жаратты?» – деп сурасаң, албетте, алар: «Аларды Ызаттуу, Билүүчү (Алла) жаратты» ,– дешет.
10. Алла силерге жерди бешик кылып, туура жүрүүңөр үчүн жолдорду жаратты.
11. Алла асмандан өлчөмдүү жамгыр жаадырат. Аны менен өлүк жерди кулпурттук. Ошол сыйактуу (силер да) тирилтилип чыгарыласыңар.
12. Алла баардык жуптарды жаратты. Силерге кемеден жана айбандардан мине турган унааларды жаратты.
13. Алардын үстүнө минесиңер, анан Эгеңердин жакшылыктарын эске алып: «Муну бизге багындырып койгон Аллага – Аруулук! Анткени, биз буга жакындай да албайт элек» – дейсиңер.
14. “Чындыгында, Биз Эгебизге кайтып баруучубуз.»
15. (Эй, Мухаммед!) Алар[7] Аллага Анын кулдарынын бир бөлүгүн ыйгарышат[8]. Албетте, инсан – анык каршы туруучу[9].
16. Же Ал жараткандарынан кыздарды өзү алып, уулдарды силерге ыйгардыбы?
17. Алардын бирөөсүнө Мээримдүүгө арнаганынын[10] кабары сүйүнчүлөнсө[11], беттери карарып, аны ачуусу муунтат.
18. Кооздук ичинде тарбийаланып, талашта ачыкка чыга албаган[12] бирөөнү Аллага ыйгарасыңарбы?
19. Алар Алланын кулдары болгон периштелерди ургаачы кылышты. Алар эмне, алардын жаралышына күбө болушуптурбу? Алардын бул күбөлүктөрү жазылып, анан[13] суракка алынат.
20. Ошондой эле алар: «Мээримдүү Алла каалаган болсо, биз аларга[14] сыйынбас элек» ,– дешет. Алардан ага тиешелүү маалыматтар жок. Алардыкы бүт (ойдон чыгарылган) жоромолдор гана.
21. Же аларга мындан мурун бир китеп берип, ошого тайанып жатышабы[15]?
22. Тескерисинче, алар: «Ата-баларыбызды бир жол[16] үстүндө[17] таптык. Чындыгында биз да алардын издерине түшүп[18], туура жол табабыз», – дешет.
23. Ошентип, сенден[19] мурун бир айылга пайгамбар жиберсек, алардын мансаптуулары: «Ата-бабаларыбызды бир жол[20] үстүндө[21] таптык. Чындыгында биз да алардын издеринен ээрчигенбиз» ,– деди.
24. (Пайгамбар): «Эгер силер ата-бабаларыңарды тапкан жолдон туурараагын алып келсем[22] дагыбы?» – деди. Алар: «Чындыгында, силер аркылуу жиберилген нерсеге каршыбыз» ,– дешти.
25. Ошондо биз да алардан өч алдык. Эми жалганга чыгаруучулардын акыбети кандай болгонун көрүп ал!
26. Ибрахим атасына жана элине: «Чындыгында, мен силердин сыйынган нерсеңерден баш тарттым» – деген кезди эсте.
27. «Бирок Мени жараткан Алла башка[23]. Ал мени туура жолго салат…»
28. Ибрахим бул сөзүн кийинки урпактарына да калтырды. Албетте, алар ушуга кайра кайтышаар.
29. Ошондо аларды жана алардын ата-бабаларын Акыйкат[24] жана анык элчи келгенге чейин ырахаттандырып койдум.
30. Аларга Куран келген учурда алар: «Бул – бир сыйкыр. Чындыгында биз буга каршыбыз» , – дешти.
31. Алар: «Бул Куран эки калаадан[25] чоң бир адамга түшүрүлгөн болсо да…[26]» – дешти.
32. Эгеңдин жакшылыгын алар бөлүп беришеби? Алардын дүйнө тиричилигиндеги ырыскысын араларында Биз бөлүштүрдүк. Кээ биринен кээ биринин даражасын көтөрдүк[27]. Эгеңдин ырайымы алардын жыйнаган нерселеринен жакшыраак.
33. Эгер бардык адамдар бир элдей болгондо, албетте, Аллага каршы чыккандардын[28] үйлөрүнүн чатырын жана жогору чыга турган тепкичтерин күмүштөн кылып коймокпуз.
34. үйлөрүнүн эшиктерин жана жөлөнүп олтура турган бийик отургучтарын да күмүштөн кылып коймокпуз.
35. Алтынга бөлөп таштамакпыз. Булардын баары дүйнө тиричилигинин гана пайдасы[29]. А Эгеңдин алдындагы акырет (жыргалы) такыбалар үчүн.
36. Эгер ким Мээримдүүнү эстөөдөн баш тартса, анда ага шайтанды жандоочу кылып койобуз, ал анын досу болуп калат[30].
37. Чындыгында, шайтандар аларды жолдон тосушат. Бирок, алар өздөрүн “туура жолго багытталдык” – деп ойлошот.
38. Акырет күнү[31] бизге келгенде[32]: “Аттиң! Мени менен сенин ортобуз Батыш менен Чыгыштын узактыгындай болсочу! Кандай жаман жолдошсуң!”, – дешет.
39. Албетте, силерге бүгүнкү[33] өкүнүч пайда бербейт. (Анткени дүйнөдө) силер (бири-бириңерге) зулумдук кылгансыңар[34]. Андыктан, азапка да шериктеш болосуңар.
40. (Эй, Мухаммед!) дүлөйлөргө сен угузуп, сокурду же анык адашкан немени туура жолго сала аласыңбы?
41. Эгер сени алып кетсек, анда аларга татыктуу жазаларын беребиз.
42. Же аларга убада кылынган азапты (сенин көзүңдүн тирүүсүндө келтирип), албетте, сага да көрсөтөбүз. Албетте, аларга кудуретибиз жетет!
43. (Эй, Мухаммед!) Сага айан кылынганды[35] бекем тутун. Сен, чындыгында, туура жолдосуң.
44. Акыйкатта, Куран сен үчүн жана сенин үммөттөрүң үчүн бир насаат. Жакында [36] суракка алынасыңар.
45. Сенден мурун жиберилген элчилерибизден: Алладан башка сыйына турган кудайларды жасаган-жасабагандыгыбыз тууралуу сура.
46. Ырасында, Мусаны да белгилер[37] менен Фараонго жибергенбиз. Ошондо ал аларга: “ Чындыгында, мен ааламдардын Эгесинин элчисимин”, – деди.
47. Аларга кереметтерибиз менен келген кезде, алар ага күлүшкөн.
48. Аларга көрсөткөн белгилер[38] бири-биринен чоң болчу. Балким кайтаар деп (тигилерди[39]) азап менен кармадык.
49. (Алар Мусага): “Эй, сыйкырчы! Эгеңе сага берген убада бойунча жалбара бер. Албетте, биз туура жолдобуз” – дешти.
50. Ошондо Биз алардан азапты ачкан[40] кезде, алар дароо сөздөрүнөн баш тартышты.
51. Фараон өз элине: “Эй, элим! Мисирдин падышалыгы меники жана алдымдан агып турган бул дарыйалар да меники эмеспи? Көрбөйсүңөрбү?” – деп жар салды.
52. “Же мен өзү бир байкуш, сөзүн (жакшылап) түшүндүрө албаган Мусадан жакшы эмесминби?”
53. “Ага алтындан билериктер эмне үчүн салынбаган, же аны менен бирге периштелер эмне үчүн жолдош болуп келишпеди?”
54. Ошентип (Фараон) өз элин жемеледи. Ошондо эли аны урматтап, ага баш ийди. Чындыгында, алар бузулган коом болчу.
55. Алар Бизди кейиткен кезде, алардын тийиштүү жазасын берип, сууга чөктүрүп салдык.
56. Аларды кийинкилер үчүн өтүп кеткен бир (тарыхый) сабак кылып койдук.
57. Марйам уулу мисал келтирилгенде[41] ага элиң шаттанып күлүшөт.
58. Алар: Биздин кудайларыбыз жакшыбы? Же Иса жакшыбы?” –дешти. Алардын сага муну айтуулары – жаңжал чыгаруу үчүн гана (кылынды). Анткени, алар тартышчаак эл.
59. Ал – Иса – Биз ага жакшылык берген жана Исраил урпактарына мисал кылынган бир пенде гана.
60. Эгер кааласак, силердин ордуңарга периште жаратат элек да, алар силерге орун басар болуп калышмак.
61. Чындыгында, ал[42] – Кыйаматтын белгиси. Ошондуктан “андан шектенбестен Мени ээрчигиле. Мына ушул туура жол”, – дегин.
62. Силерди шайтан туура жолдон тосуп койбосун. Анткени, ал силер үчүн анык душман.
63. Иса кереметтер менен келип аларга кээ бир талаш-тартыштарды байандоо үчүн: “Мен силерге даанышмандык алып келдим. Алладан корккула. Мага баш ийгиле”, – деди.
64. “Акыйкатта, Алла – менин да, силердин да Эгеңер. Ошондуктан, Ага сыйынгыла. Ушул туура жол”.
65. Анткен менен топтор өз ара талашка түштү. Сыздатуучу күндүн азабынан ошондой заалымдарга азап болсун!
66. Алар өздөрүнө Кыйамат күнүнүн келе жатканын өздөрү билбеген абалда, кокустан келип калуусун гана күтүп жатышабы?
67. Ошол күнү такыбалардан бөлөк достор бири-бирине душман болушат.
68. (Алла такыбаларга): “Эй, пенделерим! Бүгүн силерге кооптонуу жок жана кайгырбайсыңар” (дейт).
69. Алар Биздин айаттарыбызга ыйман келтирип, мойун сунуучулар.
70. “Бейишке киргиле. Силер да, жубайларыңар да сыйга бөлөнөсүңөр”.
71. Аларды алтындан болгон табактар жана кеселер сунулуу менен айланып турулат. Анда көңүлдөр кызыга турган, көздөр кубана турган нерселер бар. Силер анда түбөлүккө каласыңар.
72. Мына ушул – өзүңөрдүн амалыңар аркылуу силерге мурас кылынган Бейиш.
73. Анда силер үчүн жемиштер көп. Андан жейсиңер.
74. Күнөөкөрлөр[43] Тозоктун азабында түбөлүккө калышат.
75. Алардын азабы жеңилдетилбейт. Алар анда (жакшылыктан) үмүт үзгөн боюнча калышат.
76. Аларга (Биз) зулумдук[44] кылганыбыз жок, алар өздөрүнө зулумдук кылышты.
77. “Эй, сакчы! Эгең ишибизди бүтүрсүнчү[45]” – деп, үн салышат. (Сакчы): “Чындыгында, силер (түбөлүккө) калуучусуңар” – дейт.
79. Же алар (пайгамбарга каршы) чара колдонуштубу? Чындыгында, чара колдонууну бекемдөөчү Биз.
80. Же алар өз сырларын жана жашыруун шыбырашкандарын Бизди укпайт деп ойлошобу? Жок,(андай эмес) элчилерибиз[46] жазып турушат.
81. Аларга: “Эгерде Алланын баласы болсо, анда мен сыйынгандардын алды болмокмун[47]”, – дегин.
82. Асмандар менен жердин Эгеси жана Арштын Эгеси – алардын[48] сыпаттаган нерселеринен аруу!
83. Азырынча аларды жөн кой. Өздөрүнө убада кылынган күнгө чейин (тиричилик жыргалдарына) чумкуй беришсин, ойноп турушсун.
84. Ал – (Алла) – асмандарда да Кудай, жерде да Кудай. Ал – Даанышман, Билүүчү.
85. Асмандар менен жердин жана бул экөөнүн ортосундагы бийлик таандык болгонго улуктук![49]. Кыйаматтын маалыматы[50] Анын алдында. Ага кайтасыңар.
86. Алардын Алладан башкага сыйынгандары шапаат кылуу укугуна ээ эмес. Бирок Акыйкатты[51] билип, күбө болгондор башка[52].
87. Эгер алардан: “(Силерди) ким жаратты?” – деп сурасаң, албетте алар: “Алла” – дешет. Анан кантип жүз үйрүшөт[53]?
88. (Пайгамбардын): “Оо Эгем! Булар ыйман келтирбей турган эл” –дегенин (Алла билет).
89. (Азырынча) алардан жүз бур да: “Аман болгула” – деп кой. Алар жакында[54] билишет!
[1] Зухруф – кооздуктар
[2] Маанисин бир гана Алла билет
[3] Лавхул Махавузда
[4] Куранды.
[5] Курандагы Алланын буйруктарын силерге айтпастан, жөн койолубу?
[6] “Алар туралуу мурунку айаттарда сөз болду” – деген мааниде
[7] мушриктер
[8] Алар периштелерди – Алланын кыздары дешкен. Чындыгында, уул болсун, кыз болсун бардык балдар – атанын бир бөлүгү. Алар Аллага кыз да, бала да эмес. Алланын баласы да, кызы да жок жана Ал аларга муктаж да эмес!
[9] чыгуучу
[10] кыздын
[11] Кыздуу болгону тууралуу кабар укса
[12] Анткени ал өтө назик
[13] Кыйаматта
[14] периштелерге
[15] Ошол китепте периштелердин ургаачы экени же кудай экени тууралуу жазылыппы? Жок! Андай эмес!
[16] Диний жол-жобо
[17] Ичинде,
[18] Ээрчип
[19] Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда
[20] Диний жол-жобо
[21] Ичинде,
[22] көрсөтсөм
[23] Силердин буд-сөлөкөтүңөрдөй эмес.
[24] Куран
[25] Бул Куран Меккелик же Таифтик бир атактуу кишиге түшпөйбү, –деп, Мухаммед (а.с.)га ыраа көрүшпөдү. Анткени Мухаммед (а.с.) кедей болчу. Ал эми ал атактуулар: Меккелик Ал-Валид ибну Ал-Мугийра же Таифтик Урва ибну Мас-ууд Ассакафий экенин Курандын маанисин чечмелөөчүлөр айтышкан. (Тафсир Сафват Тафаасир).
[26] Аллага мойун сунмакпыз
[27] Биринен-биринин даражасын жогорураак кылып койдук
[28] каапырлардын
[29] Ушул дүйнөдө гана пайдасы тийет
[30] Шайтан баштаган жакка кете бере турган болуп калат
[31] Кыйамат күнү
[32] шайтанга
[33] Кыйамат Күнүндөгү
[34] Каапырлар, күнөөкөрлөр...
[35] Куранды
[36] Кыйаматта Куранга кандай мамиле жасадыңар, анын ичиндеги Алланын буйруктарын канчалык даражада аткардыңар... мына ушулар тууралуу
[37] кереметтер
[38] кереметтер
[39] Фараонду, жандоочуларын жана анын аскерлерин
[40] Алып салган
[41] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
[42] Иса пайгамбар
[43] каапырлар
[44] адилетсиздик
[45] Бизди кыйнабай өлтүрүп эле салсынчы-дейт каапырлар
[46] Периштелер
[47] Силерден мурда билмекмин жана мойунга алмакмын
[48] Мушриктердин, каапырлардын
[49] Эгер алар силерге жакшы болсо, демек, аны жакшы кылып койгон Алла Таала! Баары Анын мүлкү!
[50] Кыйаматтын качан болоору тууралуу Алла гана билет
[51] Куранды
[52] “Лаа илааха иллаллоох” – деп келме келтиргендер, мисалы: Иса, Узайр пайгамбарлар жана периштелер. Албетте, булар Алланын уруксаты менен момун мусулмандарга колдоо көрсөтүшөт.
[53] Алланын жалгыздыгын моюндарына алып туруп деле, каапырлык кыла беришет...