Людмила Зыкина

Википедия дан
Зыкина Людмила Георгиевна‎»‎ барагынан багытталды)

Зыкина Людмила Георгиевна - (10. 6. 1926, Москва -1. 7. 2009, ошол эле жер) орус ырчысы, СССР эл артисти (1973). М. Е. Пятницкий атындагы орус элдик хорунун, 1951-жылдан Бүткүл союздук радионун, 1960-жылдан Москонцерттин солпсти. 1977-ж. Гнесиндер атындагы музпедагогикалык окуу жайын бүткөн. Зыкина белгилүү көп ырлардын (Долуханян, «Рязань мадонналары»; Пономаренко, «Оренбург жоолугу»; Фрадкин, «Волга агат» ж. б.) чебер аткаруучусу. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда гастролдо болгон. Лениндик (1970), РСФСР мамлекеттик (1983) сыйлыгынын лауреаты. Эки Ленин, Ыйык Андрей Первозванный, «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]