Зыков Михаил Александрович

Википедия дан

Зыков Михаил Александрович 1925-жылы Россия Федерациясынын Челябинск облусунда туулган.

  • Наристе кезинде ата-энеси Кыргызстанга көчүп келишип, Көк-жаңгак шаарында туруп калышат.
  • Ошол жерден 7-Классты бүтүрөт.
  • 1940-жылы Кара-Алма айылына көчүп барышат.
  • Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы чакырылып, Челябинск облусунун, Чебаркуль станциясына келишет.
  • Жалал-Абадтан келген 3000 жоокерди бөлүштүргөндө, Сталинград фронтуна туш келет.
  • Сталинград шаарын коргоодо, жараат алып, госпиталдан кийин айылына жөнөтүлөт.
  • Бир жылдай үйүндө дарыланып, жакшы болгондон кийин, кайрадан фронтко кетет.
  • 1945-жылы апрель айында кайрадан госпиталга түшөт да, Улуу Жеңишти ошол жерден тосот.
  • Армиядан 1946-жылы кайтып келип, окуусун андан ары улантат.
  • Согушта “За оборону Сталинграда”, “За отвагу”, “За боевые засуги” ж. б көптөгөн медалдар менен сыйланган.
  • 1953-жалал-Абадтагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, пенсияга чыкканга чейин, Октябрь кыштагында кыргыз мектептерине, орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келген.
  • Сузак районунун ардактуу атуулу деген ардактуу наам ыйгарылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3