Мазмунга өтүү

Ибрагимов Болот Адылбекович

Википедия — ачык энциклопедия
Болот Ибрагимов
Ибрагимов Болот Адылбекович
 
Жарандыгы: Кыргыз
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1989-жыл 11-декабрь
Туулган жери: Бишкек шаары
Партиясы: «Эл Үмүтү»
Билими: «Ала-Тоо» Эл аралык университети,

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети

Кесиби: программист
Ишмердүүлүгү: 2015 - а.ч.

Болот Ибрагимов (11-декабрь 1989-жыл, Бишкек шаары) — коомдук активист. Өзүнүн активдүүлүгү аркылуу укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш темасын чагылдыруу менен белгилүү. Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты («Эл Үмүтү» партиясы)[1].

Болот Ибрагимов 1989-жылы 11-декабрда Бишкек шаарында туулган. Улуту — кыргыз. Ата-энеси укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон, атасы – отставкадагы полковник, апасы – подполковник[2].

Ал 2007–2009-жылдары «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде дүйнөлүк экономика адистиги боюнча, 2009–2013-жылдары КМКТАУда (Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети) информациялык технологиялар адистиги боюнча билим алган[3].

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 2007–2010 — IT-адис;
  • 2010–2011 — дүкөндө эркек кийимдеринин сатуучусу;
  • 2011–2013 — таксист;
  • 2013–2015 — уюлдук аксессуарларды сатуу менен алектенген жеке ишкер.
  • 2015– а.у.ч. — коомдук активист.
  • 2023–2024 — КРнын президентинин кеңешчиси[4][5].
  • 2024–2025 — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (төрага орун басары)[6].
  1. Кто есть Кто. Ибрагимов Болот Адылбекович (орусча). АКИpress. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2025.
  2. Работал таксистом и белбоем и другие факты о Болоте Ибрагимове (орусча). limon.kg. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2025.
  3. Ибрагимов Болот Адылбекович — биография (орусча). Спутник. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2025.
  4. Активист Болот Ибрагимов стал советником президента (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2025.
  5. Президент коомдук башталышта иштеген жардамчы, кеңешчилерин бошотту. Алдаба. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2025.
  6. Ибрагимов Болот Адылбекович - Заместитель председателя Бишкекского городского кенеша на общественных началах (орусча). Бишкекский городской кенеш. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2025.