Ибрагимов Исраил Момунович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ибрагимов Исраил Момунович - жазуучу.

Исраил Ибрагимов 1933-жылы Ысык-Көл районундагы Ананьево (Байсору) айылында туулган.
1952-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Москвадагы Чыгыш таануу (мурдагы Лазеревский) институтунун кытай бөлүмүнө өткөн, кийин бул институт күтүүсүздөн жабылып кал-гандыктан,
1953-жылы өз эрки менен Москвадагы С.Орджоникидзе атындагы геологдук-изилдөө институтуна, эки жылдан кийин Фрунзедеги политехникалык институттун тоо-геология факультетине которулуп аны 1959-жылы бүтүргөн.
1976-жж. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын геологиялык институтунда ар кандай илимий кызматтарда иштеп,
1967-жылы кандидаттык диссертациясын жактап,
1976–1993-жж. КМУУнун физикалык география кафедрасынын доценти,
1993-жылдан «Теңир Too» аттуу уйгур маданият аракеттенүү фондусунун уюштуруучусу жана баш-чысы катары коомдук иштерде,
1994-жылдан азыркы күнгө чейин КМУУ-нун эл аралык уюштуруу программасынын интеграция институтунун Уйгур филология факультетинин деканы.

50дөн ашык илимий жана илимий-усулдук макалалардын, 2-монографиянын (авторлош) автору. Өмүрүнүн көп бөлүгүн кино тармагындагы чыгармачылыгы жана адабияттагы ишмердүүлүгү камтыйт.
И.Ибрагимов уйгур улутундагы орус тилинде жазган жазуучу.
1989-жылдан Жазуучулар, Кинематографистер союздарына мүчө, Элге билим берүүнүн отличниги, профессор. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, КУУнун 50 жылдыгына арналган медаль менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Вкус дикой смородины: Роман. – Москва: Советский писатель, 1979. – 253 с.

Цыпленок и самолет: Роман. – Б.: Достук, 1994. – 127 с.

Колыбель в клюве аиста: Роман. – Б.: Турар, 2001. – 392 с.

Созвездие мельниц. – Б.: Кыргызстан, 1987. – 252 с.

Узгенский каменноугольный бассейн (в соавторстве с Ф.Т.Кашириным). – Б.: Илим, 1974.

Цветные камни Киргизии (в соавторстве с Михайлевым В. и Малышевым В.Ф.). – Ф.: Кыргызстан, 1982.

Тамерлан. Начало пути:Роман. – Б.: Наука-образов, 2003. – 108 с.

Исполнение мечты: Повесть. – Б.:Турар, 2004. – 123 с.