Анарбек Ибраев

Википедия дан
Ибраев, Анарбек‎»‎ барагынан багытталды)
Ибраев Анарбек

Ибраев Анарбек (1951-ж. т., Ак-Суу району, Тепке айлы) — ырчы.

Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1987). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2004). III даражадагы Манас орденинин ээси (2021).

Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияны, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун ырдоо бөлүмүн бүтүргөн.
Чыгармачылыгы 1970-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген биринчи кыргыз эстрадасында, андан кийин К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист болуп иштейт.
Ибраевдин үнүнүн диапазону кенен; элдик, лирикалык жана дүйнөлүк классикалык ырларды аткарат. Алгачкы аткарган чыгармалары «Эжелерим, агайым», (М. Рыскулов), «Таң сыры», «Үзүлбөгөн үмүттөр», «Сары-Челек» (С. Жумалиев), «Болбосо экен» (Ж. Касымбеков) жана башка. Ж. Шералиевдин «Кыргыз жайлоосу», «Эстей берем», Б. Тургунбаевдин «Туулган жер», Г. Чекиевдин «Кереметтүү көздөрүң», С. Жумалиевдин «Майрам шаңы», А. Керимбаевдин «Көл баяны», Б. Абдраимовдун «Ырымды сага арнаймын», «Махабат илеби», Т. Томотоевдин «Атама ант», С. Байтыгуловдун «Энекебай», Ш. Дүйшеналиевдин «Кумар көз» жана башка ырларды чебер аткарат.
Жаштардын жана студенттердин Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалынын дипломаты (1985), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). Италия, Франция, Тунис, Румыния жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Сүйгөнүмө суу ташып бергениме сүйүнүп..." Archived 2008-12-21 at the Wayback Machine
"Бир ыр ырдап, Рыспай аганы таңгалдыргам..." Archived 2011-09-01 at the Wayback Machine
"Өнөргө өргүү жок" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine