Искендер Ибраимов

Википедия дан
Ибраимов Искендер‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ибраимов Искендер (1932-ж. т., Талас облусу, Талас району, Карой айылы) – тарых илимийнин доктору (1970), профессор (1971).
1952-ж. КМУнун тарых факультетин бүткөн.
1957–61-ж.ж. Караколдогу педогогикалык институттун марксизм-ленинизм кафедрасынын башчысы.
1961–65-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институнун улук илимий кызматкери.
1965–79-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педогогикалык институтунда тарых кафедрасынын башчысы.
1979-жылдан Мамлекеттик тил жана гуманитариялык илимийдин институтунда кафедра башчысы, декан, проректор, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик тоо-кен жана металлургия институтунда кафедра башчысы.
Анын эмгектери Кыргызстандын партиялык уюмунун тарыхына арналган.
100дөн ашык илимий эмгектин (а.и.6 монография) автору.
«Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003