Ибраимов Кубат
Көрүнүш
Ибраимов Кубат (1948, Ат-Башы району , Ак-Муз айылы) — фольклор изилдөөчү, педагог, филология илиминин кандидаты (1987). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1972). Мектепте мугалим, Кыргыз республикасынын ИАсынын ТАИде улуу илимий кызматкер болуп эмгектенген. И. кыргыз фольклоруна арналган 40ка жакын илимий макалалардын автору. Ал белгилүү фольклор жыйноочу, айрыкча "Манас" эпосун жазып алууда чон эмгек сиңирген Ыбырайым Абдрахман уулунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган “Ыбырайым Абдрахманов” аттуу монография (1987) жазган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |