Ивановка кум кени
Ивановка кум кени Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Ивановка кыштагынан 8 км түштүк тарапта, Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 780–820 м бийиктикте. 1970–71-ж. Кыргыз ССРинин Курулуш материалдар өнөр жай министрлигинин Тоогеологиялык партиясы чалгындаган. Кен бири биринен көп алыс эмес аралыкта жайгашкан 3 участкадан турат. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон кум–шыгалдуу аллювий чөкмө тектери түзөт. Кумдун өңү боз, саргыч боз. Курамында кварц 70%, талаа шпаты 23 %, слюда 0,5%ке чейин. Ивановка-1 жана Ивановка-2 участкаларындагы кумду «100» маркасындагы силикат кирпичине, Ивановка 3 участкасынын кумун бетонго жана курулуш шыбактарына пайдаланууга болот. Запасы В категориясы боюнча 8013 миң м3, С1–7152 миң м3, В+С1–15165 миң м3, 1997-жылга карата баланстагы запасы: В–2153 миң м3, В+С1–9305 миң м3. Кен карьер түрүндө казылып, Ивановкадагы жана Бишкектеги кирпич заводдоруна жиберилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |