Иванов Владимир Иванович

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Иванов Владимир Иванович - (14. 9. 1904, Удмурт АССР - 1991, Фрунзе) химик-органик, техника илимдеринин доктору (1944), профессор (1945). Кыргыз ССР ИАнын академиги (1960). Бауман атындагы МТЖОЖдун химия факультетин бүтүргөн (1931). СССР ИАда жетекчи кызматтарда (1939-60), Кыргыз ССР ИА ОХИнин директору (1960-75), кийин лаборатория башчысы болуп иштеген. Негизги илимий изилдөөлөрү целлюлозага арналган. Ал республиканын табигый байлыктарын эл чарбасында колдонуу максатында Кыргызстандагы өсүмдүктөрдөн баалуу углеводороддорду алуу ишин жетектеген. 200дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы, 40 ойлоп табуусу бар. Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1974), Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу, «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Развитие и успехи вискозиметрического метода определения молекулярных весов высокомолекулярных соединений (в соавгорсгве). М.; Л., 1949; Молекулы-гиганты. М., 1951; О молекулярном весе целлюлозы (в соавгорсгве). Ф., 1962.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]