Идеал (адабиятта)

Википедия дан

Идеал (адабиятта) - (фр. ideal, гр. idea ой, түшүнүк) бийик максат жөнүндөгү түшүнүк, көркөм чыгармада берилген эстетикалык сапат; коомдук турмуштун бардык тармагына мүнөздүү, терең социалдык мааниге ээ көрүнүш. Көркөм адабияттагы И. коомдук тарыхый кырдаалдарга ылайык болуп, доордун мүнөзүнө карап өзгөрүп турат. Мисалы, «Манас» эпосундагы элдик идеал эрдикке, баатырлыкка байланышат да, Манас ошол идеалдын алып жүрүүчүсү катары эсептелет. Олжобай менен Кишимжан сүйүүнүн, сүйүүдөгү эркиндиктин идеалы деп саналат. Көркөм чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрүндө берилген идея же айрым каармандар эл күткөн идеалдын алып жүрүүчүсүнө айланып калат. Мисалы, «Болот кантип курчуду» романындагы Павел Корчагиндин, «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн образы майтарылбас эрктин, күрөшүүчүнүн, максатына жетүү үчүн жасалган каармандыктын үлгүсү, башкача айтканда ичинде болуп саналат. Коомдук өнүгүүнүн ар бир доору өзүнүн идеалын талап кылат, ал мезгилдин талабына ылайык түзүлөт, убакыттын өтүшү менен өркүндөйт, же кандайдыр бир таасирлерден улам кыйроого учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]