Идеал (саясат)

Википедия дан

Идеал (саясат) - саясий жүрүм-турумдун жана өнүгүүнүн максат жол-жобосу.

Мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзүнөн улам ага болгон зарылчылык келип чыккан. Ал аркылуу түзүлгөн бышып жетилген, бирок канаттандырылбаган таптары бар чындык адамдардын аң-сезиминде кызыкчылыктарына жооп бере турган саясий түрүндө чагылдырылган. Ошол боло тургандын элеси Идеал болуп калган. Анда социалдык субъекттин реалдуу чындыкка карата позициясы көрсөтүлөт. Ал келечектин тенденцияларын учурунда көрсөтүп, тандоону жүргүзөт. Адамдар өзүлөрүнүн идеалдарын ойлоп чыгарбай, турмуштун өзүнүн алган; идеал коомду аныктабайт, коом идеалдарды жараткан.

Идеал келечекке кайрылганы менен өзүндө өз мезгилинин белгисин алып жүрөт. Бүгүн боло турганды сунуш кылып, болгондун карама-каршылыктарын өзүнө камтыйт. Идеалда, алардын чечилишинин жол-жоболору чагылдырылган. Идеалдын өнүгүү максатынын жол-жобосу болгондуктан, өзүндө таптардын жана башка социалдык катмарлардын ал-абалын чагылдырат. Ошол себептүү өзүнүн табияты боюнча идеалдар «субъекттивдүү». Бирок массалар өздөрүнүн идеалдарынын ишке ашырылышы үчүн күрөшкө көтөрүлүшөт. Ар бир саясий кыймыл, эреже катары, чечилиши саясий өбөлгөлөрдү түзүүнү талап кылган, экономикалык карама-каршылыктардан улам пайда болот.

Идеал өзүнүн мазмуну менен коомдогу бышып-жетилген массалык талаптар менен дал келген учурда гана массалар саясий кыймылдарга тартылышат. Ушундай дал келүү шарттарында гана идеал аларды жооп берүүгө чакырып, аракеттенүүгө түрткү берет. Ошондуктан субъективдүү өбөлгөлөр бышып-жетилип, социалдык аткаруучулардын саясий аң-сезими калыптанмайынча революция жана реформаларды Идеал менен үгүттөө жолу менен таңуулоого мүмкүн эмес. Алгачкы коомдук түзүлүштүн өндүрүш күчтөрүнүн негизинде, баарына жана ар бирине өздүк «Менди» ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам, тарых ага жасалган жолду жакындоо деңгээли боюнча бүлгүн. Бул үчүн адамзат социалдык-жиктелген коомго өтүү менен өзүнүн өнүгүүсүндө ири бурулуш жасаган. Анын шарттарында менчикти жана бийликти алып жүрүүчү, ошону менен экономикалык жана саясий эркиндикке жеткен адамдар гана инсандык потенциалды ача алышкан. Ошондуктан узак убакыт бою жогорку идеалдуу жолду үстөмдүк кылуучу таптын өкүлдөрү салышкан. Алардын кызыкчылыктары социалдык прогресстин тенденциялары менен дал келип турганда, алар эмгекчилердин да идеалы боло берген. Алар тарыхтын объективдүү жүрүшү менен карама-каршылыкка келген убакта адамдардын акылында жаңы идеалдар пайда болгон. Алар өз учурунда адамзатты жаңы максатына дагы бир кадамга жакындатууга чакырган. Ошентип тарыхта ишке ашкан Идеалдар бирин-бири алмаштырган: кул ээлөөчүлүк коомду демократтык республика, феодалдыкты борборлоштурулган мамлекет, буржуазиялыкты - ишкердик, индивидиалдуу демилге жана эркиндиктерин өздүк кызыкчылыктарды чектебеген саясий тартиптер. Жалпы адамзат идеалына түздөн-түз жакындоону адамзаттын тарыхындагы экинчи ири бурулуш чагылдырат. Бул бурулуш - социалдык интеграцияланган коом. Анын саясий негизи болуп жалпылаштырылган бийлик - элдин өзүн-өзү башкаруусу эсептелет. Мындай Идеалдын бекемделиши инсандын экономикалык жана саясий эркиндигине алып барат. Ал болсо коомдун бардык мүчөлөрүнө өздүк «Менин» ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ошентип, Идеал биринчи жолу өзүнүн таптык таандыгын жоготуп, жалпы адамзаттык идеалга орун берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6