Идея (адабият таанууда)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Идея (адабият таанууда) - жазуучунун же акындын көркөм чыгармада берейин деген ой-максаты. Көркөм чыгарманын идеясы образдар системасынын бирдигинде берилет. Жазуучу өз чыгармасында белгилүү бир маселелерди ортого коюу менен чектелбестен, өзүнүн идеалы катары анын чечилишин берет, мамилесин билдирет, баалайт. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесинин идеясы алыстагы согуш апаатынын атасын таптакыр көрбөгөн ооруктагы балага тийгизген таасири.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]