Иззатуллаев Азизулло Султонович

Википедия дан
Иззатуллаев, Азизулло Султонович‎»‎ барагынан багытталды)
Азизулло Иззатуллаев
өзб. Азизулло Султонович Иззатуллаев
Төрөлгөндөгү ысымы:

өзб. Азизулло Султонович Иззатуллаев

Туулган датасы:

1925 жыл(1925)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

1991 жыл(1991)

Өлгөн жери:

Янгиюль шаары, Ташкент облусу, Өзбекстан

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР
 ССРС
 Өзбекстан

Кесиби:

Өзбекстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, Ташкент облусу Янгиюль районунун аткаруу комитетинын төрагасынын орун басары (1962-1983 жылдары), Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери

Карьерасы:

1943 - 1991 жылдары

Багыты:

Өзбекстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери

Сыйлыктары:
1-даражадгы Ата мекендик согуш ордени
1-даражадгы Ата мекендик согуш ордени
«Ардак Белгиси» ордени
Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун көп жолу ардак грамоталары, IX беш жылдык ударниги медалы, Өзбек ССРынын Компартия Борбордук комитетинын көп жолу ардак грамоталары, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу катарында көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Азизулло Султонович Иззатуллаев (1925-1991), Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Өзбекстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, Ташкент облусу Янгиюль районунун аткаруу комитетинын төрагасынын орун басары (1962-1983 жылдары), Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери[1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азизулло Иззатуллаев 3 февраль 1925 жылы Ош шаарында кызматчылардын үй-бүлөсундө туулган. Ал (1962-1983 жылдары) Ташкент облусу Янгиюль районунун аткаруу комитетинын төрагасынын орун басары, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери. Анын чоң атасы революция чейин Ош шаарынын улук аксакалы, миңбашысы молдо Султан Таирбаев болгон[2]. 1934 жылы Азизуллонун энеси - Назокатхон каза болгондон кийин, анын атасы Иззатулло Султанов Ташкент облусунун Янгиюль районуно көчүп, ал жерде Шуралисай айылдык кеңешин түздү. Ал жерде Шуралисай айылдык кеңешинын жооптуу катчысы, андан кийин төрагасы болуп иштеди жана жаңы жерлерди өздөштүрүү жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө активдүү катышкан. Согуш аяктагандан кийин, ал Шуралисайда жаңы театр түздү.

1943 жылы Азизулло 18 жаш курагында Улуу Ата-Мекендик согушка ыктыярдуу кызмат кылууга жөнөдүү[3]. Согуштан кийин Азизулло педагогикалык окууну бүтүрүүп, мектепте мугалим болуп иштеген. Андан кийин жетекчи кызматтарда иштеди: Маяковский атындагы мектептин директору, Янгиюль районунун билим берүү болуму башчысы, темир жол Депосунун парткому, райком партиянын жооптуу инструктору, Янгиюль районунун аткаруу комитетинын жооптуу катчысы, төраганын орун басары. Көп жолу Ташкент облусунун жана Янгиюль райондук Кеңештеринин депутаты болуп шайланган.

Өкмөт Азизулло Иззатуллаевтын Улуу Ата-Мекендик согуш жылдары аскердик баатырдыгын жана эмгек ишмердигин жогору баалады. Ал II даражадгы "Ата мекендик согуш", "Ардак белгиси" ордендери, көп сандаган медалдары, Өзбек ССР Компартия БК жана Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун ардак грамоталары менен сыйланган[4].

КПСС БК Саясый бюро мүчөлөгүнө талапкер, Өзбек ССР Компартия БК биринчи катчысы Шараф Рашидов Янгиюльдагы өкмөттүк дачада эс алганда, Азизулло Иззатуллаев андан Ош өзбек драма театрынын жаңы имаратын курууга (1979 жылы курулган) финансылык каражаттарды бөлүү берүү үчүн жардам сураган, анткени анын чоң атасы, энесинин атасы Рахмонберди Мадазимов ал театрдын биринчи негиздөөчүсү, бул театрда жана анын тай акелери Уринбой жана Журахон Рахмоновтор көптөгөн жыл бою талыкпай эмгектенишкен[5].

Азизулло Иззатуллаевтын аялы Норпошшохон Юлдашева Чиназ жана Янгиюль райондорунун аялдар комитетинин төрагасы, "Янгиюль" гезиттинин башкы редактору, Хамза атындагы №44 мектеп директору болуп иштеген, Өзбек ССР эмгек сиңирген мугалими ардак наам менен сыйланган, персоналдык пенсионер[6]

А. Иззатуллаев 25 январь 1991 жылы өзүнүн жумуш ордунда каза болду. Анын көргө көмүү чарасында Өзбекстан Республикасы Президентинин Мамлекеттик кеңешчиси Мавлон Умурзаков, аялдар комитетинин төрагасы, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, акын Халима Худайбердиева, Ташкент облусунун жана Янгиюль районунун акимдери катышкан. "Янгиюль" гезитинде 29 январь 1991 жылдагы санында А. Иззатуллаевтин өлгөндөн кийинки некрологи чыккан.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Азизулло Иззатуллаев өзүнүн өмүрүн аябаган эмгеги жана мыкты иштери менен Өзбекстандык жана Янгиюльдуктардын эсинде түбөлүккө калат.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы - Иззатулло Султонов (1900-1977 жылдар) Ташкент облусу Шуралисай айылдык кеңешинын негиздөөчүсү жана биринчи төрагасы. Энеси - Назокатхон Рахмонова (1 март 1902-03.1934 жылдар) үй кожойкеси. Жубайы - Норпошшохон Юлдашева (1929) Чиназ жана Янгиюль райондордун аялдар комитетинин төрагасы, "Янгиюль" гезиттинин башкы редактору, Хамза атындагы №44 мектеп директору болуп иштеген, Өзбек ССР эмгек сиңирген мугалими ардак наам менен сыйланган, персоналдык пенсионер. Уулу - Алишер Юлдашев (15 июль 1966) Ташкент облусу Янгиюль району "Камолот" фондунун төрагасы.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]