Измайлов, Азиз Эминович

Википедия дан

Азиз Эминович Измайлов (1913–2004, Крым обл., Евпатория ш.) – көрүнүктүү педагог-окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору (1959).

СССР ПИАнын анык мүчөсү (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1968), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1974). 1934-ж. Маскөөдөгү Н. К. Курпская атн. коммунисттик тарбия берүү академиясын бүтүргөн, ошол эле жылы РСФСР эл агартуу комиссариатынын жолдомосу менен Кыргызстанга келип, педагогикалык кызматтарда эмгектенген. 1955–1981-ж. Кыргыз педагогика ил. изилдөө ин-тунун директору болгон. Педагогика илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 260 ил. эмгектердин автору. Анын ил. эмгектери КМШ өлкөлөрүнө кеңири белгилүү. 1970–74-ж. жазган эмгектери үчүн СССРдин ПИА эң жогорку Н. К. Крупская атн. сыйлыгына татыктуу болгон (1974), 1955–81-ж. 40ка жакын ил.-пед. кадрларды, илимдин кандидаттарын, докторлорун даярдап чыгарган. Өкмөт алдында сиңирген эмгектери үчүн Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Ал “К вопросу об изучении обобщения и распространения передового педагогического опыта” (1952), “Из опыта политехнического обучения в школах Киргизии” (1955), “Мектепте атеисттик тарбия берүү” (1967), “Кыргызстандагы советтик мектептердин тарыхы (1917–1957)” (1961), “Мектепте кесип тандоого багыт берүү” (1965), “По ленинскому пути” (1970), “В. И. Ленин и проблемы воспитания и образования” (1971), “Просвещение в республиках советского Востока” (1973), “Изучение развития культуры народов Средней Азии и Казахстана в курсе истории СССР” (в 8-10 классах); (1986), “Этика и педагогика семейной жизни” сыяктуу эмгектердин автору.