Мазмунга өтүү

Изопрен каучугу

Википедия — ачык энциклопедия

Изопрен каучугу (-СН2С(СН3)= СН-СН2-) - изопрен полимерленүүсүнөн алынган синтездик каучук. Мол. масс. 300 миң - 1 млн, тыгызд. 0,91-0,92 г/см3, кристаллдашуу темп-расы 25оС, айнектешүү темп-расы 70оС болгон, 95-98 % 1-4 цис звенолорунан турган зат. И. к. көпчүлүк углеводороддордо, СНСI3, ССI4, Мындай каучук эритмеде Циглер-Натта катализаторун пайдаланып изопренди, полимерлөөдөн алынат. Ал пластификацияны талап кылбайт, күкүрт менен вулкандаштырылат. Техникалык сапаттары б-ча табигый каучукка окшош. Чоюлчаактыгы, бышыкчтыгы абдан жогору, 26-25 Мпа, салыштырма узаруусу 700-100 %, серпилгичтиги 65-75 % Синтездик И.к. табигый каучукту алмаштырат. Алардан ар түрдүү резина буюмдары жасалат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]