Изоэлектрон катары
Изоэлектрон катары – бирдей сандагы электрону бар ар кандай химиялык элементтердин атомдорунун жана иондорунун тизмек катары.
Атом оң заряддалган ядродон жана терс заряддалган электрондордон түзүлөт. Эгерде ядронун заряды +Zе ге барабар болсо, электрондордун жалпы заряды –Zе ге барабар болот (е -элементардык электр заряды, Z – атомдун номуру), себеби негизинен алганда атом нейтралдуу бөлүкчө. Демек электрондордун саны Z ке барабар болот. Эгерде атом бир нече электронун жоготсо же кошуп алса, ал оң же терс ионго айланат. Нейтралдуу атом химиялык элементтин символу менен белгиленет. Иондорду белгилөө үчүн химиялык элементтин символунун оң жак даражасына + же – белгилерди коюу керек. Мис., N+, N2+ (же болбосо N++), О2-, бир жана эки эсе иондошкон азоттун жана кычкылтектин атомдору.
Төмөнкү суутек сымал атомдор Li, Be+, B2+…. И. к-нын мисалы болуп эсептелинет. Бул катардагы элементтер атомдорунун түзүлүшү боюнча өзгөчө окшоштуктарга ээ болушат жана о. эле бир катар физикалык касиеттери да окшош болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0