Израилдин Иранга соккусу (2025)
Израилдин Иранга соккусу (2025) | |||
Негизги кагылыш: Жакынкы Чыгыштагы согуш, Иран-Израиль кагылышы | |||
![]() | |||
Дата |
2025-жыл 13-июнь — а. у. | ||
---|---|---|---|
Себеп |
Ирандын өзөктүк программадан баш тартуу сунушун кабыл албоосу, Израилдин Иранда өзөктүк куралдын пайда болушуна жол бербөө аракети | ||
Каршы тараптар | |||
| |||
Колбашчылар | |||
| |||
Тарап күчтөрү | |||
| |||
Жоготуулар | |||
|
«Арстан сыяктуу эл», «Көтөрүлүп келе жаткан арстан» операциясы (евр. מבצע עָם כְּלָבִיא) — 2025-жылдын 13-июнундагы Израилдин Ирандын өзөктүк курал боюнча программасына жана баллистикалык ракета инфраструктурасына каршы ракеталык чабуулу[7][8][9]. Бул соккуга Иран «Чыныгы убада 3» операциясы менен жооп берди[10].
Жардыруулар өлкөнүн эң маанилүү өзөктүк объектилеринин бири жайгашкан Тегеран, Нетенза, Исфахан провинциясында катталды. Чабуулдардын натыйжасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Хоссейн Салами жана Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери каза болушту[11][12]. Ирандын мамлекеттик маалымат агентиги билдиргендей, өзөктүк объектилеринде иштеген окумуштуулар Ферейдун Аббаси-Давани жана Мохаммад Мехди Тегеранчи да каза болгон[13][14].
Чабуулдарды Израилдин коргоо армиясы жана Моссад ишке ашырган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран өзөктүк куралга «бир жылдан кийин» же «бир нече айдан кийин» ээ болот деп эсептегендиктен, Израиль сокку урду деп билдирген[15]. Израил соккудан кийин Иран тараптан жооп катары ракеталар менен аткылоо башталат деп сиреналарды иштеткен. Израилдин коргоо министри Исраэль Кац таңкы саат 3: 00дөн баштап өлкө боюнча өзгөчө абалды жарыялаган[16].
Бул соккуга чейин эки ай мурун АКШ президенти Дональд Трамп Иранга кескин талап коюп, өзөктүк программадан баш тартуу боюнча «келишим түзүүгө» 60 күн берген. Израилдин «Арстан сыяктуу эл» операциясы ультиматумдун 61-күнүндө башталган[17].
Операция
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2025-жылдын 13-июнунда эртең менен эрте Израилдин Аба күчтөрү Иранга каршы алдын алуу максатындагы кеңири масштабдуу чабуулду баштады. Бул операция Ирандын өзөктүк объектилерин жана аскердик инфраструктурасын талкалоого багыталды. Маалыматтарга ылайык, операция ондогон объектилерге — өзөктүк программага байланыштуу жайларга, негизги аскер жетекчилерине жана аскер базаларына каршы багытталган. Сокку Ирандын борбору Тегерандагы өзөктүк объектилерин жана аскердик базаларды бомбалоо, ошондой эле ирандык жогорку даражалуу кызмат адамдарын жок кылуу аракеттерин камтыган. Тегерандагы бомбалоолор далилденип жана документтештирилип, Нетенздеги бомбалоо тууралуу да кабарлар түшкөн.
2025-жылдын 13-июнунда, таңкы саат 3:00дө Израилдин коргоо министри Исраэль Кац өлкөнүн аймактарында өзгөчө абал киргизилгенин жарыялады[18]. Ал ошондой эле Израилдин аба мейкиндиги жабылганын, окуу процесси кийинки билдирүүгө чейин токтотулганын жана массалык жыйындарга тыюу салынганын маалымдады. Жарандарга корголгон жайлардын жанында болуушу сунушталды[16].
Өзөктүк объектилери
- Ошондой эле караңыз: Америка Кошмо Штаттарынын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусу
Израиль Ирандын өзөктүк программасына тиешелүү негизги объектилерге сокку урду[19]. Нетенз шаарындагы уран байытуучу эң ири борборго сокку урулуп, бул объекттин кыйраганы маалым болду. МАГАТЭ Исфахандагы өзөктүк объектте төрт «өтө маанилүү имараттын» жарым-жартылай талкаланганын билдирди[20][21]. Израиль ошондой эле Фордо[20] жана Арак[22] шаарларындагы өзөктүк объекттерге да сокку жасаган. Мындан тышкары, Тегеран аймагында өзөктүк инфраструктура үчүн маанилүү компоненттерди өндүргөн жайлар да аткыланган[23].
Ирандын жооп реакциясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Израилдин соккусунан кийин Иран аба мейкиндигин жапты. Андан соң Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге каршы «Чыныгы убада 3» аттуу жооп операциясы башталганын жарыялап, Израилдеги «ондогон аскердик жана аба базаларына» сокку урабыз деп убада берди.
Бир нече саат бою Ирандан Израилди көздөй аскердик дрондорду жиберди. Израил армиясы АКШ жана Улуу Британиянын колдоосу менен аларды Ирак жана Сирия аймактарында тосуп, атып түшүрдү. Иордания да өз аймагы аркылуу учуп өткөн дрондорду атып түшүрдү.
Иран бийлиги Израилдин соккусу алардын ракеталык жана өзөктүк программасын өнүктүрүүнүн зарылдыгын далилдеп турат деп билдирүү таратты[24]. Израилдин ар кайсы шаарларына ракета жана дрон аркылуу соккулар жасалды. Бат-Ям шаарындагы соккудан 61 имарат жабыркап, 8, 10, 60 жана 80 жаштагы жарандар каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алды[25]. Израилдеги араб калктуу Тамра шаарында турак үйлөргө урулган соккудан дагы 4 адам көз жумду[25].
Эл аралык реакция
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирген. Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырган[26].
Иранга болгон сокку үчүн Израилди айыптаган мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү] Орусия — Соккуну «бузуктук кылмыш» жана БУУнун Уставын бузуу деп атады. Израилдин иш-аракеттеринин мыйзамсыздыгын баса белгиледи. Тегеран жана Иерусалим сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө, сүйлөшүү процессине чакырды.
Кытай — Ирандын эгемендигин бузууга каршы чыкты. Эскалацияны айыптады. Тараптарды сабырдуулукка чакырып, жаңжал эки тараптын тең кызыкчылыгында эмес экенин белгиледи[27].
Түркия — Аба чабуулун эл аралык укукту одоно бузуу катары кабыл алуу менен катуу айыптады. Израилди аймакты стратегиялык туруксуздукка түртүүдө деп айыптады.
Сауд Арабиясы — Израилдин Иранга каршы «ачыктан-ачык агрессия» үчүн катуу айыптады. Ирандын эгемендигинин жана эл аралык мыйзамдардын бузулгандыгын билдирди.
Оман — Израилдин аракеттерин БУУнун Уставын бузуу катары айыптады. Эл аралык коомчулукту тезинен реакция кылууга жана аймактагы туруктуулукту сактоого чакырды.
Ирак — Иранга жасалган соккуну эл аралык укукту ачыктан-ачык бузуу деп атады. Эгемендүүлүктү урматтоо зарылдыгын белгиледи.
Ооганстан — Иранга соккусу үчүн Израилди катуу айыптады[28].
Израилди колдоп, Иранга болгон соккуну жактаган (колдогон) мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү] АКШ — АКШ бул соккуга тийешеси жок экенин расмий билдирип, сокку туралуу маалыматы билгендигин жана Иранга алдын ала маалымат берилгенин жарыялады. Дональд Трамп Тегеранды жаңы өзөктүк программа боюнча келишимге кол коюуу боюнча «эскерткенин», эгер келишимден баш тарса, Иранга «жаман болот» деп жарыялады[29][30].
Франция — Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун тастыктап жана эгер Иран Израилге чабуул жасаса колдоо көрсөтүүнү убада кылды[31]. Өзөктүк куралды жайылтпоо зарылдыгын баса белгиледи.
Германия — Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп жылдык тынчсызданууcey эске салды. Германиянын максаты Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин баса белгиледи.
Италия — Премьер-министри Жоржия Мелони: «Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек» деп билдирди[32].
Чехия — Израилдин соккуларын, өзөктүк куралдын коркунучунун алдында «акылга сыярлык жооп» деп атады. Израилдин соккусун колдоду[33].
Украина — Иранды Украинага каршы согуш үчүн Россияны колдоп, курал-жарак менен камсыздап жатат деп айыптады. Иранды туруксуздуктун булагы жана бул аймактан тышкары жайгашкан мамлекеттерге коркунуч жаратууда деп билдирди.
Улуу Британия — Премьер-министр Кир Стармер Жакынкы Чыгыштагы стабилдүүлүк артыкчылыктуу болушу керек жана Британия өнөктөштөрүн деэскалация аракеттерине тартууда деп билдирди.[34] Улуу Британия жана АКШнын жардамы менен Израилдин куралдуу күчтөрү Ирак менен Сириянын үстүнөн Ирандык дрондорун атып түшүрүштү[24]. Британия Израилди ачык колдой турганын билдирбегенине карабастан, Израилдин соккусун колдоп жана кубаттап келет[35].
Деэскалацияга чакырып, бейтарап же нейтралдуу позицияны карманган мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү] Кыргызстан — 2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирген. Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырган[26].
Индия — Эки тарапты кырдаалды курчутууга жөндөмдүү кадамдардан алыс болууга үндөдү. Маселени дипломатиялык жөнгө салуу жолун колдоду.
Беларусь — Соккуга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Зомбулукту токтотууга жана эл аралык укукту урматтоого чакырды[36][37].
БУУ — Баш катчы Антонио Гутерриш тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырды. Масштабдуу аймактык согуш коркунучу жөнүндө эскертти[38].
Европа бирлиги — Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен жана Эстониянын премьер-министри Кая Каллас тынчсыздануусун билдиришти. Деэскалацияга жана жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырышты.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Military Watch. Two Israeli F-35 Stealth Fighters Shot Down Over Iran, Female Pilot Captured: How Credible Are the Reports?
- ↑ The Times of Israel. IDF denies Iranian state media report claiming Tehran downed pair of Israeli fighter jets
- ↑ The New York Times. Explosions and Buzzing Drones Heard as Israel and Iran Exchange New Wave of Attacks
- ↑ The Star. 78 killed and another 329 people injured in Israeli strikes on Tehran
- ↑ NourNews: 78 residents of Tehran killed due to Israeli attack
- ↑ BBC. What we know as Israel-Iran conflict intensifies
- ↑ Эркин-Тоо. Израиль – Иран куралдуу кагылуушусу
- ↑ ישראל תחת אש: מאות שיגורים מאיראן, הרוגה ופצועי כ.לכליסט
- ↑ RFI. Израиль нанес масштабные удары по Ирану
- ↑ Эркин-Тоо. Иран: Израиль толук жок болгонго чейин операциялар уланат
- ↑ IRNA. سردار سلامی به شهادت رسید
- ↑ The Times of Israel. Iran’s Revolutionary Guard commander Hossein Salami killed in Israeli strike, says Iranian state media
- ↑ The Times of Israel. Iran state media names two nuclear scientists killed in Israeli strike
- ↑ AlJazeera. Iran hits Israel with air strikes after nuclear site attacks
- ↑ The Guardian. Israeli strikes hit more than 100 targets in Iran including nuclear facilities
- ↑ 16.0 16.1 רוץ 7ביטחוןישראל יצאה למתקפת מנע באיראן, שר הביטחון הכריז על מצב מיוחד
- ↑ Ведомости. Трамп заявил о возможном «втором шансе» для Ирана по ядерной сделке
- ↑ ארי, ליאור בן; זיתון, יואב. ישראל תוקפת באיראן, מצב מיוחד בעורף: "צפויה מתקפת טילים וכטב"מים
- ↑ BBC. Главное об атаке Израиля на Иран: кто убит, что за цели и какие последствия
- ↑ 20.0 20.1 Новая газета. Карта ударов по Израилю и Ирану
- ↑ BBC. Какова конечная цель израильской военной операции в Иране?
- ↑ CNN. Israel’s strikes zeroed in on Iran’s nuclear program. How much damage was done?
- ↑ Deutsche Welle. Израиль ударил по производству урановых центрифуг в Тегеране
- ↑ 24.0 24.1 Meduza. Атака Израиля на Иран. Главное Убиты ученые-ядерщики и члены военного командования. Иран в ответ запустил сотни дронов — все они перехвачены
- ↑ 25.0 25.1 Deutsche Welle. Иран атаковал пригород Тель-Авива, есть жертвы
- ↑ 26.0 26.1 КР ТИМдин 2025-жылдын 13-июнундагы билдирүүсү
- ↑ Reuters. China expresses deep concern about Israel's attacks on Iran, urges de-escalation
- ↑ TABNAK.چه کشورهایی تجاوز اسرائیل به خاک ایران را محکوم و چه کشورهایی حمایت کردند؟
- ↑ The White House. Statement from Secretary of State Marco Rubio
- ↑ Truth. Donald J. Trump
- ↑ Meduza. Франция пообещала защитить Израиль в случае нападения Ирана
- ↑ la Repubblica. Iran, Meloni a Netanyahu: “Iran non può avere armi nucleari”. La telefonata della premier con Trump
- ↑ MigNews. Чехия: Удары по Ирану — разумная реакция на ядерную программу Тегерана
- ↑ Meduza. Трамп: я предупреждал. МИД России: это злодеяние. Европа: мы обеспокоены Как в мире отреагировали на израильские удары по Ирану
- ↑ Meduza. «Война 7 октября» охватила уже весь Ближний Восток. Израиль «воюет на семи фронтах». С кем, за что и с какими результатами?
- ↑ NEWS.BY. Belarus Expresses Deep Concern Over Escalation Between Iran and Israel. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2025. Түп булактан архивделген күнү 18 -июнь (кулжа) 2025.
- ↑ Міністэрства замежных спраў Рэспублікі Беларусь. Заява Міністэрства замежных спраў Рэспублікі Беларусь у сувязі з абвастрэннем сітуацыі на Блізкім Усходзе
- ↑ БУУ. Удары Израиля по Ирану: Генсек ООН «осуждает любую военную эскалацию на Ближнем Востоке»