Израиль

Википедия дан

Израиль мамлекети
евр. מְדִינַת יִשְׂרָאֵל
араб. دَوْلَة إِسْرَائِيل

Герб
Туу Герб
Гимн: «Ха-Тиква»
«Үмүт»
Ысрайыл дүйнөлүк картада
Эгемендүүлүк күнү 14-бугу 1948-ж.

Улуу Британиядан)

Расмий тили жөөт тили
Борбор шаары Иерусалим
Ири шаарлар Тель-Авив-Яффа, Хайфа
Башкаруу формасы парламенттик республика[1]
Президент
Премьер-министр
Ицхак Герцог
Нафтали Бенет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
148 - дүйнөдө
20 770 км²
2
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

9 449 000 адам (96)
412 ад./км²
Акча бирдиги жаңы шекел
ISO коду IL
ЭОК коду ISR
Ысрайыл.

Израиль (евр. יִשְׂרָאֵל, араб. إِسْرَائِيل), расмий — Израиль мамлекети (евр. מְדִינַת יִשְׂרָאֵל Медина́т Исраэ́ль, араб. دَوْلَة إِسْرَائِيل Даула́т Исра’и́ль) — Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Үрдүн (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет менен чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29-ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948-49-жылдардагы араб-ысрайыл согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи эврейлер, 160 миңи арабдар. Расмий тили иврит (байыркы эврей) жана араб тилдери. Акча бирдиги шекель. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.

Округдары жана райондору (2006):

Округ, район

Аянты,

км2

Калкы,

миң

Адм.

борбору

Борбордук округ

1294

1649,8

Рамле

Петах-Тиква

283

563,8

Петах-Тиква

Рамла

339

260,3

Рамла

Реховот

324

462,4

Реховот

Шарон

348

363,3

Нетанья

Иерусалим округу

653

851,4

Иерусалим

Иерусалим

653

851,4

Иерусалим

Тель-Авив округу

172

1190,0

Тель-Авив

Тель-Авив

172

1190,0

Тель-Авив

Түндүк округу

4473

1185,4

Назарет (Эн-Насира)

Акка

928

527,0

Акка

Голан*

1154

38,9

Касрин

Йизреэль

1192

424,7

Афула

Киннерет

529

97,3

Тиверия

Цфат

670

97,5

Цфат

Түштүк округу

14185

1002,4

Беэр-Шева

Ашкелон

1266

447,2

Ашкелон

Беэр-Шева

12918

555,2

Беэр-Шева

Хайфа округу

866

858

Хайфа

Хадера

572

329,5

Хадера

Хайфа

294

528,5

Хайфа

Сириянын Ысрайыл оккупациялап алган аймагы Ысрайыл БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Израиль унитардык мамлекет. Башкаруу формасы парламенттик республика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларациясынын (1948) жана 11 негизги мыйзам актылары менен жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Президенттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өкмөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-ж. түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ликуд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй Израил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», Израиль социал-демократиялык солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 кмге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең Гхор (Эль-Гор) тектоникалык ойдуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 м жана андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орточо бийиктиги 500-1000 м, өлкөнүн эң бийик жери 1208 м, Мерон чокусу) өтөт. Платонун бети негизинен акиташ теги (мында карст процесси өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн. Ойдуң аркылуу Иордан дарыясы агат; анда ачуу туздуу Жансыз деңиз (деңиз деңгээлинен 418 м төмөн) жайгашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит, кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть менен газдын чакан кендери бар.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түштүгүндө жана ойдуңдарында жарым чөлдүү жана чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24-28°С, Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6-15°С, Жансыз деңиздин түштүк-батышында 18°Сге чейин). Абанын абсолюттук максималдык температурасы 47°С (1998-ж. Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум температурасы түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100200 мм, айрым жерлеринде 100 ммден аз, платолордо 600-800 мм, Жер Ортолук деңиз жээгиндеги түздүктөрдө 400-800 мм жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. Израилдин аймагы агын сууларга жарды. Түндүк-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан дарыясынын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суунун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңгээлинен 209-213 м төмөн) жайгашкан. Дарыяларынын көбү жайында соолуп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кездешет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эйлат шаарында деңиз суусун тузсуздандыруучу станция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашыгы сугатка кетет.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо жана жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экинчилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гаррига) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза карагайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт басымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү жана жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаатташтыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Коргоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң га. Хайфа шаарынын чет-жакасында ири улуттук парк Хар-Кармель биосфера резерваты жайгашкан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын 76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук жана этноконфессиялык топтор 3,7%, аларга друздар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. кирет. 21-кылымдын башынан еврей калкынын кыскаруу (2000-05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууданын ичинде мамлекет катары жарыялангандан 2007-ж. чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 19482005-ж-да калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7% мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-ж. Россия жана КМШ өлкөлөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (Израилдин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948-83-ж. Израильден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км2 жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка чейинкилер 21,1%, 14-65 жаштагылар 64,15%, 65 жаштан өткөндөр 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломерациясы менен 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иерусалим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-ж. 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-ж. 14-майда Израиль мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, Израильге каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948-49-ж. согуштун жүрүшүндө Израиль БУУнун чечими менен Араб мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн жана Иерусалимдин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү жана Иерусалимге өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-ж. Израиль Улуу Британия жана Франция менен Египетке каршы агрессияга катышкан.

Араб-израиль согушунун жыйынтыгында Израиль 1967-ж. июнь айында Иордан дарыясынын сол жээгин жана Чыгыш Иерусалимди, ошондой эле Голан дөңсөөсүн жана Синай жарым аралын басып алган. 1982-ж. июнда Израиль аскерлери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн жана штабквартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде арабизраиль чыр-чатактарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-ж. алгачкы жолу израиль-араб мамилелеринин тарыхында Египеттин президенти А. Садат Израильге келет. 1978-ж. АКШнын кийлигишүүсү менен Израиль жана Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуусу түзүлүп, 1979-ж. алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-ж. И. Египетке Синай ж. а-н кайтарып берген. 1992-ж. башында И. Рабин турган Израиль «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-ж. Вашингтонгдо Израилдик-палестиналык декларацияга, 1994-ж. Газа жана Иерохон боюнча макулдашууга кол коюлган. 1994-ж. Израиль менен Иорданиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Сирия жана Ливан сүйлөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-ж. премьер-министр И. Рабиндин өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяхунун келиши менен тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. Израиль палестиналыктар келишимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот. 1999-ж. Эмгек партиясынын лидери Э. Барактын бийликке келиши менен тынчтык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган. 2000-ж. Израиль Түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставкага кетерин жарыялайт. Израиль менен Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот. Израилдин премьер-министри А. Шарон менен Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аббас согушту токтотуу жана аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. Израиль үчүн АКШ менен бир катар макулдашуулар жана меморандумдар менен бекемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. Израиль АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мындан тышкары, Израиль Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түркия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман өлкөлөрүнөн Египет, Иордания жана Мавритания менен кызматташтыгы өнүгүүдө.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Израиль өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПси 2006-ж. 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. Израиль дүйнөдө алдыңкы технологиясы, компьютердик программаларды түзүү, байланыш системасы, агрардык индустриясы, алмазга кыр чыгаруу боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондой эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа жана кеме куруу кошо, анын ичинде аскердик), электр-техника, химия өнөр жай тармактары, айыл чарба өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн илимий-техникалык комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз жана инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). Израиль технологиялык даярдыгынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын экономикалык индексинин мааниси боюнча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрөсүнө, 23%и өнөр жайына жана курулушка, 2%и айыл жана токой чарбаларына, балык уулоого таандык. Израилдин экономикасында коргоо өнөр жай комплексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баасынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.

Өнөр жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн ИДПсинде өнөр жайынын үлүшү 18%ти түзөт. Азыркы өнөр жайынын негизин илим сыйымдуу машина куруу (авиаракета, электрондук жана электр-техникалык, оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) жана химия (так химия, фармацевтика ж. б.) өнөр жай тармактары түзөт. Башка тармактарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил өнөр жай өзгөчөлөнөт. Израилдин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын импорт түзөт. 2005-ж. импорттолгон 13 млн т нефть жана нефть продуктуларынын 11 млн тсы чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктаждыгын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австралиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн м3). Димондогу Атом илимий-изилдөө борборунда ядролук реакторго эксперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернативалык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). Израилдеги турак жайлардын көбү күн бойлери менен жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын өнөр жайлык пайдалануу үчүн атайын курулмалар иштейт. Бир нече эксперименттик толкун электр станциясы шамал энергиясы курулмасы бар. 2005-ж. 48,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия өнөр жай ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украинадан алган сырьёнун негизинде иштейт. Болот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун жана жез эритүү ишканалары бар. Металл констр. өндүрүшү коргоо өнөр жай комплексине жана курулуш индустриясына багытталган. Жалпы жана транспорттук машина куруу өнөр жай согуш куралдарын жана аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артиллерия жана атылма куралдар, анын ичинде «Узи» автоматы, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык станок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын жана компрессорун, түрдүү тетиктерди ж. б. чыгарат; автобус жана жүк автомашиналарын жыйноочу, аскер жип автомашиналарын даярдоочу ишканалары бар. Авиаракета өнөр жай коргоо өнөр жай комплексинин маанилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу аппарат, оперативдүү-тактикалык жана тактикалык ракеталар); кеме куруу, анын ичинде аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу жана патруль катерлерди ж. б. чыгаруу) өнүккөн. Электрондук жана электр-техникалык өнөр жай илимди көп талап кылган жана адистештирилген тармак болуп саналат. Бул тармактын ишканалары аскер ишине пайдаланылуучу электрондук, электрондук коопсуздук жана сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистешкен. Оптикалык приборлор (анын ичинде электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. Израиль булаоптикалык байланыш линиясын, басма платасынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика системасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, роботтоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Медициналык лазердик техника, радиол. диагностикалык жабдууларды, оптикалык электроника приборлорун чыгаруу тез темп менен өнүгүүдө. Сырткы рынокко компьютердик томографиялык сканерлер, магнитрезонанстык графикалык система, ультраүн сканерлери, медициналык ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия жана нефть ажыратуу өнөр жай өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүүчү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия өнөр жайынын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт. 21-кылымдын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80% ке жакыны Израилге таандык. Тамак-аш өнөр жайынын негизин мөмө-жемиш жана жашылча иштетүүчү, ошондой эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишканалар түзөт. Жеңил өнөр жайынын дүйнөлүк рынокко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын ордуна жогорку сапаттагы модалуу тигилүү жана булгаары кийимдерди чыгарат; ошондой эле аскер кийимдерин тигет.

Айыл чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл чарбасында 455 миң гадан ашык жери иштетилет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны жана агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. Израилде 20-кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мөмө дарактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жашылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан Израилдин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама, буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, лимон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой жана эчки, ошондой эле үй куштары асыралат. Сүт саап алуу боюнча дүйнөдө (Нидерланд менен кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уйдан 11 миң кгга чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) кармалып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт. 2001-03-ж. Израиль экономикасы Палестина менен куралдуу тирешүүгө, ошондой эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байланыштуу кризиске дуушарланган. Экономикалык кризистен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык секторунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи боюнча Израиль батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү камсыз кылат. Айыл чарбага жарактуу жери 297 миң га (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң гасы айдоо жер, 71 миң гасы цитрус өсүмдүктөрүяүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл плантациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң га (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын негизги тармактары: куш, сүт жана эт багытындагы мал асыроо. 2006-ж. ар бир уйдан орто эсеп менен 10,5 т сүт саап алынган.

Тейлөө чөйрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн экономикасынын ири сектору. Анын ичинде финансылык тейлөө (банккредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик жана адистик жактан тейлөө (маркетинг, лизинг, инженердик-консультациялык, башкаруу жаатында жана компьютердик кызмат көрсөтүү), кыймылсыз мүлк менен операция жасоо, мамлекеттик тейлөө тез темп менен өнүгүүдө; тейлөө чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн киреше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө жана туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-ж. өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Назарет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиздин жээги. Израилде социалдык камсыздандыруунун жана саламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн. Калктын жашоо деңгээли (керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-ж. мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орточо айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.

Транспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобиль жолунун узундугу 17,6 миң км (2005). Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим Тель-Авив, Ашдод Ришон-Ле-Цион Тель-Авив Нетанья Хайфа. Темир жол тармагы (жалпы узундугу 853 км; 2005) Негев, Газа жана Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа жана өлкөнүн түндүгү менен байланыштырат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору аркылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хайфа Родос Пирей (Грекия), Хайфа Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атындагы (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив менен Иерусалимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун узундугу 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу жана 193 кми газ куурлары.

Экспорт жана импорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-ж. экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкспортко иштетилбеген алмаз, химия өнөр жайынын продукциялары, электрондук жана электр-техникалык жабдуулар, көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү өнөр жай жабдуулары, медициналык жана илимий изилдөө жабдуулары, башка машиналар жана жабдуулар, ошондой эле айыл чарба продукциялары, кийим, текстиль буюмдары чыгарылат. Израиль аскер куралдарын экспорттоо боюнча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чыгарылбаган алмаз, нефть продуктулары, химиялык товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, машина, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буудай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү еврей коомчулугунда маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын сабаттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети кабыл алган алгачкы мыйзамдарында эле 6-13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5-6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамлекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салттарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бурулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-ж. негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-ж. 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий изилдөө борбору Реховото шаарында 1949-ж. негизделген. 2006-ж. 20 ЖОЖдо 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар. Израилде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иерусалимдеги Израил музейи (1965-ж. негизделген), белгилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) ж. б. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү басылмалар 1863-ж. Иерусалимде чыккан, 1869жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чыгып турган. 2006-ж. Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, англис тилдеринде, 75-95 миң нуска), «Едиот ахронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдеринде, 300-750 миң нуска), «Джерузалем пост» (англис тилинде, 25-90 миң нуска) ж. б. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жылдан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүү жана радиоканалдар иштейт. Израиль Интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат. Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жашаган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк батыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888-1970), А. Бараша (1889-1957) жана акындар А. Шлёнский (1900-73), Л. Гольдберг (1911-70) ж. б. 1980-жылдарда айрыкча A. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) романы, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этностук топтордун ичиндеги карама-каршылыктарды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер X. Беер, X. Бат-Шахар, X. Эстердин чыгармаларында, араб кыштагынын турмушу иврит тилинде араб христиан акыны А. Шаммастын «Арабески» романында чагылдырылган. Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, B. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губерман, Д. Рубина, А. Горенко ж. б.) адабият өнүгүүдө.

Архитектура жана искусство эстеликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакталып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (б. з. ч. 10-8-миң жылдыктар), эрте неолит доорунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолиттик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бейсан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (б. з. ч. 1-к. б. з. ч. 4-к.). Ошондой эле, байыркы синагог алардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таандык Вифлеемдеги Рождество храмы, Иерусалимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет-Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Арабдар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль-Мафджар ак сарайы (8-к.), кресттүүлөр доорундагы (11-13-к.) эстеликтер ж. б. сакталып калган. 19-кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байкалат. Тель-Авив шаары (1909-ж. негизделген) шотландиялык арх. П. Геддестин планы менен курулган. 20-кылымдагы христиан храмдары италиялык архитектор А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) ж. б. архитекторлор тарабынан тургузулган. 20-кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манндын Концерттик залы (3. жана Я. Рехтер, Д. Карми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Шарон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) ж. б. курулган.

Кино искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1950-ж. комп. мектеби жана аткаруу чеберчилиги өнүгө баштаган. 1948-ж. Израиль филармониясы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат-Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-ж. «Инбал» муз. театры уюштурулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Израиль улуттук театры иштейт. Израилдин биринчи толук метраждуу көркөм фильми («Убактылуу элдешүү», реж. А. Амар) 1950-ж. тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Калып:Книга