Израил Алиев

Википедия дан
Израил Кубатбекович Алиев
Туулган датасы:

8-апрель 1953-жылы

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Сыйлыктары:

Эл Агартуунун Отличниги

Израил Кубатбекович Алиевтехникалык илимдердин кандидаты, доцент, Эл Агартуунун отличниги.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1953-жылы 8-апрелде Талас областынын Талас районунун Талды Булак айылында туулган. Талас шаарындагы №3 орто мектебин 1970-жылы аяктаган. Жогорку билимдүү, 1976-жылы "Өнөржай электроникасы" адистиги боюнча В.И. Ленин атындагы Ленинград Электротехникалык Институтун аяктаган.1976- жылы ал окуу жайды аяктагандан кийин Фрунзедеги Политехникалык Институтка «Электроника жана эсептөөчү техника» кафедрасында мугалим болуп алынган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий - окутуу тажрыйбасы - 42 жыл, аныничинде окутуу тажрыйбасы - 42 жыл. 1986 – жылы Москва Энергетикалык Институнда кандидаттык ишти жактаган. Темасы: Жогоркуөткөргүчтүүтоптогучтардынарасындагыэлектрмагниттикэнергияныкалыбынакелтирипберүүнүбашкаруунуизилдөө.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алиев Израил Кубатбекович И.Раззаковатындагы КМТУда 1976 -жылдан баштап иштөөдө.

1983-1992 жылдары «Электроника» кафедрасынын улук окутуучусу,

1992-2000 жылдары «Радиоэлектроника жана телекоммуникация» кафедрасынындоценти,

2000-2004 жылдары «Телекоммуникация» кафедрасынын башчысы болуп,

2004-жылдан баштап азыркыубакта И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы ЭТИнун «Телекоммуникация» кафедрасынын доценти болуп иштөөдө.

Израил Кубатбекович «Телекоммуникация системдери жана түзүлүштөрүн электр менен камсыздандыруу», «Эсептөөчү техника жанамаалыматтык технологиялар», «Интеллектуалдык менчик» сабактары боюнча лекциялык, лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрөт. Израил Кубатбекович сабагынын мазмунун, окутуу методун жакшы билүү мененсабакты өтүүдө жаңытехнологияларды эркин колдонуп келет. Израил Кубатбекович мугалимге зарыл болгон баардык сапаттарга ээ: өзүнө жана студенттерге талап кое билүү, студенттер менен байланышууну билүү, өзүн-өзүжакшыртуу боюнча иштөөдө. Алиев Израил Кубатбекович окуу уюштуруу жана усулдук иштер менен жигердүү алектенет. Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл Агартуунун Отличниги

КР нынБилим Беруу жана Илим Министрлиги - АрдакГрамотасы

Транспорт жана Коммуникация Министрлиги – АрдакГрамотасы

КРнын Байланыш Агенттиги -Ардак Грамотасы

И.Раззаков атындагы КМТУ – Арда кГрамотасы

И.Раззаков атындагы КМТУ – Ыраазычылык Кат