Ийилме толкундар
Ийилме толкундар – өзөктө жана пластинкада таралуучу ийилме деформация.
Ийилме толкундардын узундугу өзөктүн жана пластинканын калыңдыгына караганда өтө чоң. Ийилме толкундарга камертондогу, музыкалык аспаптардын капкактарындагы, күчөтүп сүйлөткүчтүн диффузорундагы туруучу толкундар, о. эле жука керегелүү механикалык конструкциялардын дирилдөөсүндө пайда болгон толкундар кирет. Өзөктө толкундун таралуу багыты анын огуна дал келет, пластинкада жалпак Ийилме толкундар ал тегиздиктин каалаган багыты боюнча тарайт. Ийилме толкундардын таралышында өзөктүн же пластинканын ар бир элементи өзөктүн огуна же пластинканын тегиздигине перпендикуляр багытта жылат. Ийилме толкундардын фазалык ылдамдыгы тамыр алдындагы жыштыкка пропорциялуу. Ийилме толкундар үчүн дисперсия мүнөздүү (к. Үн дисперсиясы). Ийилме толкундардын таралуу багыты боюнча өлчөмдөрү чектелген өзөктө жана пластинкада алардын четтеринен чагылуунун натыйжасында туруучу толкундар пайда болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0