Ийрилик

Википедия дан

Ийрилик - ийри сызыктын (беттин) түз сызыктан (тегиздиктен) четтешин мүнөздөөчү чоңдук. Кандайдыр бир объектинин (ийри сызык, бет, риман мейкиндиги ж. б.) ага туура келүүчү объектиден (түз сызык, тегиздик, евклид мейкиндиги ж. б.) четтөө касиетин мүнөздөөчү бир катар сандык мүнөздөмөлөрдүн (вектордук, тензордук) жалпы аталышы. Айлананын ийрилиги k =1/R , башкача айтканда айлананын радиусуна тескери чоңдук. Ийриликке тескери R чоңдугу адатта ийри сызыктын берилген чекитинде ийрилик радиусу деп аталат. Ийрилик түшүнүгү азыркы кездеги дифференциал геометриясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Ийрилик түрдүү табигый илимдерде да колдонулат. Айрыкча физикада мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]