Икили

Википедия дан

Икили - тувалыктардын эң байыркы жаалуу тартма эки кылдуу музыкалык аспабы.

Алтайлыктарга икили, хакастарга ыых деген аттарда тараган. Тулкусу жыгачтан чабылат, чарасы жаргак менен капкакталат. Эки кылдуу, квартага күүлөнөт. Аспаптын жалпы көлөмү 800-900 мм. Кыргыздын кыл кымгынын жаасына окшош жаа менен тартып ойнолот. Обондорду, күүлөрдү бир кыл менен ойнойт, экинчиси аны коштоого алат. Анын коштоосунда жеке ырлар аткарылат. Башка элдик музыкалык аспаптар кошулуп, ансамблдерде, оркестрлерде ойнолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X