Илипбаев Ишемби
Көрүнүш
Илипбаев Ишемби - (1928ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга айылы) малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1957). 1947-60-ж. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор кой чарба тажрыйба станциясынын баш чабаны болуп иштеген. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, ар жүз тубар койдон 129дан козу, ар койдон 3,9 кг жүн кыркып алган. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5