Ималай

Википедия дан

Ималай, Ымалай — топоним. Эпостун "Манас" баатыр өзү катылган Шоорук канды жеңип, Акылай деген кызын тартууга алганы” окуясында: “Күн чыгышы Ималай, Шолорду да жердеген Шооруктун эли бир далай” (Сагымбай Орозбаков, 2. 203),— деп Шоорук кандын эли И-ды жердегени айтылат. Географиялык реалияда Гималай — жер шарындагы эң бийик тоо системасы; Тибет тайпак тоосу (түндүгүндө) менен Инд-Ганг түздүгүнүн (түштүгүндө) аралыгында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4