Иманалиев Мусалы
Иманалиев Мусалы - (1922, Чүй облусу, Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы 2004, ошол эле жер) экономика илимдеринин доктору (1991), профессор КМПИни (1941), Москва эл чарба институтун (1949), Кыргыз CCP ИА ЭИнин аспирантурасын (1960) бүткөн. Кыргыз CCP Телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде жооптуу секретарь (1945), Кыргыз ССР Мампланда улук экономист (1949-50), Кыргыз CCP Соода министрлигинде экономист, сектор башчысы (1950-52), 1992-жылдан Кыргыз CCP ИА ЭИде илимий кызматкер болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ордендер жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Основные фонды и резерв роста производства. Ф., 1966; Энергетические ресурсы Киргизии. Ф., 1970; Проблема освоения энергетических ресурсов Киргизии. Ф., 1966.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5